«Ата Мекен» сотко УКМКнын башчысына жана президенттин басма сөз катчысына каршы 60 миллион сомдук доо арыз берди

«Ата Мекен» партиясынын юристтери УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди жана президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөновду сотко беришти. Алар үч депутаттын 2010-жылы «Мегакомдун» акциясын сатууга кызыкчылыгы болгону тууралуу Сегизбаев менен Үсөновдун билдирүүлөрү парламент өкүлдөрүнүн ар-намысына шек келтирет деп эсептешет.

«Ата Мекен» партиясынын өкүлү Таалайкүл Токтакунова Kloop.kgге Белиз мамлекетинен келди деген докуметтерди таратканы үчүн Сегизбаев менен Үсөновду сотко беришкенин айтты.

Ал документтерге ылайык, партиянын үч депутаты — Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова — «Мегакомдун» акцияларын 2010-жылы сатмак болушкан.

«Биз аны төгүндөп жатабыз. Биз Белизден келди деген документтер жасалма экенин, маалымат чындыкка жатпай турганын эчак эле далилдедик. Фракция башчысы коомчулукка бул үч депутат “Мегакомдун” акцияларын сатууга эч кандай тиешеси жок экенин далилдеген документтерди коомчулукка эчак көрсөткөн», — деди ал.

Токтакунованын айтымында, Текебаев өзүнө тийген моралдык зыян үчүн компенсация иретинде 60 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылууда. Шыкмаматов менен Салянова компенсация тууралуу талап койгон жок.

Доо арызда сот Абдил Сегизбаев менен Алмаз Үсөновдун кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн камакка алышы керек деген талап коюлган.

Депутаттар ошондой эле Үсөнов менен Сегизбаев алардын «Мегаком» боюнча ишке тиешеси бар экендигин төгүндөшүн талап кылышат.

Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге 2016-жылдын ноябрында Белиздин расмий органдарынан келди деген трасттык документтерди (апостиль) көрсөткөн.

Ал документтер 2010-жылы мамлекеттин карамагына алына элек «Мегаком» компаниясын сатууга «Ата Мекендин» үч депутатынын кызыкчылыгы бар экенин көрсөтөт деп айтылган.

«Атамекенчилерге» каршы кылмыш иштери

Алмамбет Шыкмаматов Эсептөө палатасы үчүн кызматтык автоунааларды сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдөгү «Коррупция» жана «документтерди бурмалоо» тууралуу иш боюнча эч жакка кетпестиги тууралуу тил кат жазып берген.

Салянова да Максим Бакиевдин мурдагы адвокаты Алексей Елисеевге лицензия берүүдө «кызмат абалынан ашыра пайдалануу» тууралуу иш боюнча эч жакка кетпестиги тууралуу тил кат жазып берген.

Текебаев камакка алынып, УКМКнын ТИЗОсунда отурат. Ал орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызы боюнча «Коррупция» жана «Алдамчылык» боюнча айыпталууда. Анын айтымында, Текебаев андан 2010-жылы миллион доллар пара алып, Маевскийди «Мегакомду» башкарууга киргизүүгө убада берген.


ТЕМА БОЮНЧА: