УКМК: Текебаев «ачууга алдырып жатат»

«Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев атайын кызматтарга Белизден келген документтердин «жасалма» экенин билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Текебаев «жаалданып» жатканын айтты.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Азаттыкка» курган маегинде «Ата Мекендин» башчысы Өмүрбек Текебаевдин журналисттерге өткөргөн басма сөз жыйынында «жаалданган» көрүнүштөр орун алганын айткан.

«Учурда “Мегаком” боюнча 2010-2012-жылдардагы бардык коррупциялык көрүнүштөрдү текшерүү жүрүп жатат. Ушул иштер жана алдыда ачыкка чыкчу маалыматтар “Ата Мекендин” лидеринин реакциясын жаратып жатат окшойт», — деген ал.

Текебаев басма сөз жыйынында журналисттерге айткандай, Белизден келген документтер «жасалма» жана «бурмалоо» болуп саналат. Документтерде Текебаев жана анын өнөктөштөрү Аида Салянова менен Алмамбет Шыкмаматовдун 2012-жылы «Мегакомду» сатууга кызыкчылыгы болгону жөнүндө айтылат.

Депутаттын айтымында, атайын кызматтар бул документтерди оппозицияга басым жасоо үчүн колдонууда. Документтин жасалма экенинин далилдеринин бири — аты аталган саясатчылардын паспорт маалыматтары орой каталар менен толтурулган, дейт ал.

«УКМКнын башчысы президентке жана коомчулукка өзү алып чыккан документтердин кайдан келгенин билбейт экен. Ал мындай маалыматтарды кайдан алганы тууралуу жооп беришин сураганыбызда ал [жооп берүүдөн] баш тартты. Ошондон кийин биз Башкы прокуратурага кайрылып, ал УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин аракеттерине укуктук баа берсин дедик», — деген Текебаев.

2016-жылдын ноябрында Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге 2012-жылы мамлекетке алына элек «Мегаком» компаниясынын сатылышына парламенттин үч депутатынын кызыкчылыгы болгонун көрсөткөн Белиздин расмий органдарынан алынган трасттык документтерди (апостилдерди) алып келген.

ТЕМА БОЮНЧА: