Кадамжай: Жүк ташуучу аскердик автоунаа үйдү сүзүп алып, беш киши реанимацияда жатат

Баткен облусунун Кадамжай районунда аскерлерди ташып кетип бараткан жүк ташуучу аскердик автоунаа жолдон чыгып барып үйдүн кашаасын сүзүп алган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, кырсыктан 29 киши жабыркап, бешөө реанимацияда жатат.

Жол кырсыгы 27-мартта 17:00дө Кадамжай районундагы Ош-Баткен жолунда болгон. Аскерлерди ташып бараткан жүк ташуучу автоунаа жолдон чыгып кетип, Пүлгөн айылынын тушундагы үйдүн кашаасын сүзүп кирип барган. ӨКМдин алдын-ала маалыматтары боюнча айдоочу рулду башкара албай калган.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борборунун кызматкери Жылдыз Айберчинова 29 киши жабыркаганын кабарлады. Беш киши оор абалда реанимацияда жатат, алардын башы, мээси жаракат алып, мээси чайкалып, сөөктөрү сынган.

Калган 24 аскер орточо даражадагы жаракаттарды алышкан — мээси чайкалган, эти урунган жана ар кайсы жеринен сөөктөрү сынган. Алар травматологияда жатышат.

ӨКМдин тез аракеттенүү борборунун башчысы Мухаммед Сваров Kloop.kgге Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы үй ээсинин чыгашасын ким төлөп берээрин чече турганын билдирди.

Ал аскерлерди ташыган КамАЗ Ошто жайгашкан № 92840 аскер бөлүгүнө таандык экенин тактай кетти.

Жол кырсыгынын себептерин иликтөө улантылууда.

Февралда жолдун ушул эле бөлүгүндө ушундай эле кырсык болгон. Анда бензин ташыган автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, ушул эле үйдү сүзүп алган.

Автоунаадагы үч киши жеңил жаракат алып ооруканага жеткирилген болчу.

Сүрөт: Turmush


ТЕМА БОЮНЧА: