Кадамжай: Бензин ташуучу автоунаа аялды койдуруп кетип «Тикону» сүзүп алды. Эки киши курман болду

Баткен облусунун Кадамжай шаарында бензин ташуучу автоунаанын айынан эки киши курман болду. Автоунаанын тормозу иштебей калып, адегенде бир аялды өлтүрө сүзүп, андан кийин «Тикого» урунуп, анын айдоочусу да мерт болду.

Кырсык 24-февралда Баткен облусунун Кадамжай шаарында Ош-Баткен-Исфана жолунун 126-чакырымында болду.

Тормозу иштебей калган бензин ташуучу автоунаа.

ӨКМдин билдирүүсүнө караганда, бензин ташуучу автоунаа адегенде жөө жүргүнчүлөрдүн жолунда кетип бараткан аялды койдуруп кетип, ал жан берген. Андан кийин «Дэу Тико» жеңил автоунаасы менен сүзүшүп, анын айдоочусу да мерт болгон.

Баштапкы маалыматтар боюнча, жол кырсыгына бензин ташуучу автоунаанын айдоочусу күнөөлүү. Анткени анын автоунаасынын тормозу иштебей калган.

«Дэу Тико», айдоочусу жан берген.

Бул февраль айында жолдун ушул эле бөлүгүндө бензин ташуучу автоунаа катышкан экинчи кырсык. Февралдын башында да бензин ташуучу автоунааны айдоочусу башкара албай калып, курулуп жаткан үйдү сүзүп талкалаган.

Автоунаанын ичиндеги үч киши жеңил жаракат алып ооруканага жеткирилген.


ТЕМА БОЮНЧА: