Жогорку сот Текебаевди 25-апрелге чейин камакта калтырды

Жогорку сот оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Чечим адвокаттын катышуусусуз чыгарылган.

Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова соттун өкүмүнө каршы даттанууга болбой турганын билдирди.

«Биз муну ачыктан ачык эле мыйзамсыз деп эсептейбиз. Биринчи күндөн тартып эле бардык далилдерди көрсөтүп келатабыз. Кылмыш ишин козгоонун өзү Конституцияга каршы келет деп эсептейбиз», — дейт ал.

Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева Текебаевдин адвокаты баш коргоо чарасына каршы даттануудан кечигип калганын, ошондуктан сот коллегиясы иш боюнча өндүрүштү токтотконун билдирди.

Бирок «Ата Мекен» партиясынын депутаты Наталья Никитенко өкүм мыйзамсыз экенин билдирди.

«Сот таасирге алдырып жатат. Мен соттун чечиминен абдан көңүлүм калды, биздин өлкөдө адам укуктары сакталбайт», — деди ал.

Текебаевдин кармалышы. Оппозициячынын миңдей тарапташтары УКМКнын алдында митинг өткөрүштү

Текебаевдин жүздөй тарапкери Эски аянттагы Жогорку соттун имаратына келишти. Алар депутатты колдоп митинг өткөрүп, саясатчыны бошотууну талап кылышууда.

«Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевди колдогон митингдер ал 26-февралга караган түнү аба майданында кармалганда эле башталган.

Андан бир күн мурун орусиялык ишкер Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде Текебаевге каршы «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Маевский Текебаевге 2010-жылы «Мегаком» компаниясын башкарууга жеткилик алып бериши үчүн 1 миллион доллар бергенин айткан.

Саясатчынын тарапкерлери аны колдоп Бишкекте, Ош жана Жалал-Абад облустарында бир нече күн бою митингге чыгышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: