Садыр Жапаровдун аялы аны күйөөсүнө коё бербей жатышканын айтып арызданды

УКМКнын тергөөчүлөрү мурдагы депутат Садыр Жапаров сол колу менен мойну кесилип ооруканага жеткирилгенден бери анын аялына күйөөсүн көрүп кетүүгө уруксат бербей жатышат.

Мурдагы депутаттын аялы Айгүл Жапарова Kloop.kgге тергөө изоляторунан сол колу менен мойнунда тамыры кесилип ооруканага жеткирилген күйөөсү менен кездеше албай жатканын айтты.

«Бүгүн мен кайрадан УКМКдамын, тергөөчүнүн наамына арыз жаздым, уруксат күтүп жатам. Бирок азырынча жооп бериле элек. Мага көп нерсенин деле кереги жок, аны көрсөм эле болду», — деди саясатчынын аялы.

Азыр Жапаров №47 түзөтүү колониясынын госпиталында жатат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз борборунун башчысы Александр Никсдорф Kloop.kgге колониялардын корголуучу аймагына ыйгарым укугу бар кишилер же тергөөчүнүн уруксаты бар кишилер гана кире алышаарын айтты.

«Аны кечээ Акыйкатчынын кызматкерлери да, прокуратуранын кызматкерлери да, Жогорку Кеңештин депутаттары да, колонияга кирүүгө уруксат алган өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да көрүп кетишти. Алар аны менен сүйлөштү, алардын айтымында анын абалы жакшы», — деди ал.

Жапаров 2-апрель күнү эртең менен сол колу менен мойну кесилип №47 түзөтүү колониясына жеткирилген. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн, азыр анын абалы канааттандырарлык.

Жапаровдун тарапкерлери саясатчы өзүнө жаракат келтирмек эмес деп эсептешет. Алардын пикиринде жаракат «кыйноонун» натыйжасы.

Жапаров менен жолугушкан ЖАМКтын алдындагы байкоочу кеңештин мүчөсү Чолпон Өмүрканова Kloop.kgге саясатчы жемиш кесе турган бычак менен өзүнө өзү зыян кылганын билдирди.

Анын айтымында, Жапаров өзүн колдоп митингге чыккандан кийин кармалган туугандарынын кармалышына жана таякталышына каршы нааразылык катары тамырын кесип жиберген.

«Мен өз өмүрүн кыюу жолу менен маселе чечилбей турганын ага түшүндүрдүм», — деди Өмүрканова.

Жапаровдун кармалышы

Мурдагы депутат Садыр Жапаров Кыргызстанга кылмыш иши боюнча көрсөтмө бериш үчүн 25-мартта келген. Ал кыргыз-казак чек арасынан өтөөрү менен аны атайын кызмат өкүлдөрү кармап кетишкен.

Жапаровго Кумтөрдү мамлекетке алыш үчүн 2013-жылы митингди «каржылаган» деген айып тагылган. Иштин материалы боюнча ал бир нече кылмыш — «Киши өлтүрөм деп коркутуу», «Барымтага алуу», «Ээн баштык» жана «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу» боюнча айыпталууда.

Ошол эле күнү сот Жапаровду № 1 ТИЗОдо тергөө бүткүчө камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Жапаровдун жүздөгөн тарапкерлери УКМК имаратына митингге чыгып саясатчыны кое берүүнү талап кылышкан.

Бирок митингдегилер милициянын курчоосун бузуп өтүүгө бир нече жолу аракет кылшкандан кийин укук сакчылары митингдегилерди кууп таратышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: