УКМК: Петербургдагы террордук чабуул боюнча шектүүнүн туугандары суракка чакырылды

Петербургдун метросундагы террордук чабуул боюнча шектүү кишинин үй-бүлөсүнүн алты мүчөсү УКМКнын Ош облустук башкармалыгына көрсөтмө бергени суракка чакырылды. Шектүүнүн жакындарынын айтымында, ал анча деле динчил эмес болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Орусиянын бийлиги Петербургдун метросундагы террордук чабуул боюнча шектенип жаткан, Кыргызстанда туулган Акбаржон Жалиловдун ата-энесин жана башка туугандарын суракка алып кетишти.

УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов сурак тууралуу маалыматты ырастады. Анын айтымында, «сурак ыкчам-издөө иштеринин алкагында жана Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде жүргүзүлүүдө».

Өзүн Диляфруз деп тааныштырган Жалиловдун жеңеси Kloop.kgге туугандары эртең мененки тогузда алынып кеткенин, алар дагы эле суракта отурушканын айтты. Анын айтымында, алардын айрымдары күч органдарынын кызматкерлери алып кетип баратканда кийингенге да жетишкен эмес.

Шектүүнүн дагы бир жеңеси Яркиной Акбаржонду жакшы билээрин айтты. Анын сөзү боюнча, ал акыркы алты жылда Орусияда жашаган жана акыркы жолу Ошко үч жыл мурун туугандарынын үйлөнүү тоюна келген.

Яркиной Акбаржон террордук чабуул боюнча шек жаратканын укканда үй-бүлөсү катуу таң калганын айтты. Жеңесинин айтуусунда, Жалилов өтө деле динчил болгон эмес.

«Башкалардай эле намаз окучу. Окуса эмне экен? Баарыбыз мусулманбыз. Бирок ал андай деле [динчил] эмес болчу. Ал айрык жинсы шым кийген балдардан эле», — деди ал.

Анын айтымында, Акбаржон үй-бүлөдөгү эң тил алчаак бала болчу.

«Казан ас десең асат, өзү отун жарат. Инилериңди карап кой десең сөзсүз карайт. Ал тургай эжеси да үйдө анчалык жардам берчү эмес», — деди жеңеси.

Яркиной Акбаржондун орус жарандыгын алганын ырастады, бирок качан алганын билбейт. Анын сөзү боюнча, ал Орусияда кызмат өтөп, кийин Санкт-Петербургдагы суши-барда иштеген. Орусияга ата-энеси менен кошо кетип, бирок ата-энеси кийин кайра Ошко кайтып келген.

Петербургдагы террордук чабуул

Петербургдун метрополитениндеги жарылуу 3-апрелде поезддин вагонунда, «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларынын ортосунда болгон. Террордук чабуулдун айынан 14 киши курман болуп, 40тан ашуун адам жабыркаган.

Баштапкы маалыматтарга караганда, бомба вагондогу отургучтун түбүнө коюлган.

Экинчи жардыруучу түзмөк «Площадь восстания» станциясында табылган, аны жарылгыча зыянсыздандырганга жетишип калышкан. Түзмөк зыян келтирүүчү элементтер менен толтурулган.

Орусиянын укук коргоо органдары террордук чабуул боюнча шектүү киши Кыргызстанда туулганын аныкташты. Кыргызстандын атайын кызматтары бул маалыматты ырасташты.


ТЕМА БОЮНЧА: