Санкт-Петербург: Метродогу террордук чабуулга шектүүнүн тааныштары кармалды

Орусиянын Тергөө комитети Санкт-Петербургдун метросундагы террордук чабуулга шектүү Акбаржон Жалиловдун бир нече таанышын кармады. Комитеттин маалыматы боюнча кармалгандардын баары Орто Азияда туулган. Орусиянын ЖМКлары кармалгандардан жарылуучу заттар алынганын кабарлашууда.

Санкт-Петербургда метродогу террордук чабуулга шектүү Акбаржон Жалилов менен байланышта болгон бир нече киши кармалды.

Кармалгандардын баары Орто Азиядан келген. Алардын так саны айтыла элек.

«Бул адамдар жашаган батирдеги тинтүү учурунда иликтөө үчүн мааниге ээ болгон буюмдар табылды, алар изилдөөгө жөнөтүлдү», — дейт Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко.

«Интерфакс» маалымат агенттиги өз маалымат булактарына таянуу менен 6-апрелдин таңында үч киши кармалганын кабарлады. Алардын батиринде жардыруучу заттын элементтери табылган.

«Коммерсант» басылмасынын укук коргоо органдарындагы булактары айтылган даректердин биринде тергөөчүлөр жардыруучу түзмөк таап алышканын айтышкан.

Санкт-Петербургдагы террордук чабуул

Орусиянын Тергөө комитети террордук чабуулду жасаган адам Кыргызстанда туулган Акбаржон Жалилов болуп чыкканын ДНК-экспертиза көрсөткөнүн 5-апрель күнү кечинде билдирди.

Жалиловдун сөөгүн анын ата-энеси да тааныды.

Иликтөөнүн маалыматы боюнча, ал Петербург метросундагы вагондо бомбаны иштетип жиберген. Жарылуу 3-апрелде «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларынын ортосунда болгон. Натыйжада 14 киши курман болуп, 50дөн ашуун адам жабыркаган.

Экинчи жардыруучу түзмөк «Площадь восстания» станциясында табылып, жарылганга чейин зыянсыздандырылган. Түзмөк зыян келтирилүүчү элементтерге толтурулуп, өрт өчүрүүчү шайманга окшоштурулуп жасалган.

Орусиянын укук коргоо органдары террордук чабуул боюнча шектүү Акбаржон Жалилов Кыргызстанда туулганын, бирок акыркы алты жылда Орусияда жашаганын аныкташкан.


ТЕМА БОЮНЧА: