Сот Садыр Жапаровду ТИЗО-1де апрелдин аягына чейин калтырды

Бишкек шаардык сотунда мурдагы депутат Садыр Жапаровдун камакка алынышына каршы даттануу боюнча жабык процесс болуп өттү. Сот саясатчыны апрелдин аягына чейин камакта калтырууну чечти. Жапаровдун адвокаты соттун чечимин «саясий чечим» деп атады.

Бишкек шаардык соту Жапаровдун баш коргоо чарасын өзгөртпөстөн, аны 28-апрелге чейин камакта калтырды.

Жапаровдун адвокаты Аким Токталиев соттун чечимин «саясий чечим» деп атады.

«Соттун чечимине каршы даттансак болот, бирок менимче андан пайда жок, бул саясий чечим. Мени отурумга киргизгиси келбей жатышты, көпкө чейин талашкан соң гана киргизишти. Мен шаардык сот президенттин саясий буюртмасын түздөн-түз аткарып жатат деп эсептейм», — деди Токталиев.

Жапаровдун кармалышы

Мурдагы депутат Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет суракка чакыргандыктан Кыргызстанга 25-мартта келген. Саясатчы кыргыз-казак чек арасынан өтөөрү менен аны атайын кызмат өкүлдөрү кармап кетип, ТИЗОго камап коюшкан.

Жапаров Кумтөрдү мамлекетке алыш үчүн 2013-жылы өткөн митингди «каржылаган» деп эсептейт. Ал «Киши өлтүрөм деп коркутуу», «Барымтага алуу», «Ээн баштык» жана «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу» боюнча айыпталууда.

УКМКын версиясына ылайык, 2013-жылы Жапаров митингдегилерге Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга буйрук берген.

Жапаров 2-апрелде ТИЗО-1де өзүнүн кан тамырын кесип жиберген. Ага 47-түзөтүү колониясында операция жасалган.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат мурдагы саясатчы эмне үчүн өз тамырын кескени эсинде жок экенин, анткени дендароо абалда болгонун айткан видеону таратты.

https://www.facebook.com/kloop.kg/videos/10154526769369639/

Мурдагы депутаттын аялы Айгүл Жапарова ал ошентип айтууга мажбур кылынган деп эсептейт. Анын пикиринде, бул бийликтин күйөөсүнө кысым көрсөтүү аракети.Айгүл Жапарова аны бийлик күйөөсүнө эмгиче киргизбей жатканына нааразы.


ТЕМА БОЮНЧА: