Видео: Жапаров өзүн эмнеге кескилегени эсинде жок

ЖАМК мурдагы депутат Садыр Жапаров өз жанын кыюуга эмнеге аракет кылганын билбей турганын айтып жаткан видео таратты. Азыр саясатчынын абалы канааттандырарлык. Бирок ага туугандары дагы эле киргизиле элек.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) басма сөз борбору мурдагы депутат Садыр Жапаров өз ден соолугу тууралуу суроого жооп берип жатканы тууралуу видеожазуу таратты. Ал өзүн жакшы сезгенин айтты.

ЖАМКтын кызматкеринин Жапаров эмне үчүн өзүн кескилегени тууралуу суроосуна мурдагы депутат эсинде эч нерсе жок экенин айтып жооп берди.

«Дендароо абалда болчумун, эч нерсе эсимде жок. […] Эч нерсе билбейм, бычакты алып өзүмдү кескеним эсимде бар, ушул жактан эсиме келдим», — деди ал.

Жапаровдун айтымында, камереда андан башка эч ким болгон эмес.

Туугандарына ал «баары жайында» экенин айтып, «менин ден соолугум үчүн кабатыр болушпасын» деп өтүндү.

Бирок Жапаровдун аялы Айгүл ал ошентип айтууга мажбур болгон жана бийлик ага кысым көрсөтүп жатат деп эсептейт.

«Мен так билем, ага кысым көрсөтүп жатышат. Андан интервью, тагыраак айтканда көрсөтмө алышкан, кантип аташты да билбейм. Ким алып жатат? ЖАМКтын басма сөз катчысы алып атат, а эмне үчүн ал жерде анын адвокаттары жок? Эмне үчүн укук коргоочулар чакырылган эмес? Алар ага басым көрсөтүп жатышат», — деди ал Kloop.kgге.

Анын айтымында, ал күйөөсү менен жолугушууга уруксат сурап бир нече күн катары менен арыз берүүдө, бирок ага уруксат бериле элек.

«Алар мени жолуктурбайт окшойт», — деди ал.

Жапаров 2-апрелде жемиш кескен бычак менен өзүнүн сол колунун жана мойнунун тамырларын кесип жиберген. Мурдагы депутаттын тарапкерлери анын өз жанын кыюуга аракет кылышына кыйноо себеп болгон деп эсептешет.

ЖАМКтын алдындагы байкоочу кеңештин мүчөсү Чолпон Өмүрканованын айтымында, Жапаров өз жакындарына кысым көрсөтүүгө каршы каяшасын ушундай жол менен билдиргиси келген.

Жапаровдун кармалышы

Садыр Жапаров Кыргызстанга кылмыш иши боюнча көрсөтмө бериш үчүн 25-мартта келген. Саясатчы кыргыз-казак чек арасынан өтөөрү менен аны атайын кызмат өкүлдөрү кармап кетишкен.

Камакка алууга жооп катары Жапаровдун жүздөгөн тарапкерлери УКМК имаратына митингге чыгып саясатчыны кое берүүнү талап кылышкан.

Бирок митингдегилер милициянын курчоосун бузуп өтүүгө бир нече жолу аракет кылышкандан кийин укук сакчылары митингдегилерди кууп таратышкан. Милиция 105 кишини кармаган, алардын арасында Жапаровдун бир туугандары жана уулдары болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жапаров Кумтөрдү мамлекетке алыш үчүн 2013-жылы өткөн митингди «каржылаган» деп эсептейт. Иштин материалы боюнча ал бир нече кылмыш — «Киши өлтүрөм деп коркутуу», «Барымтага алуу», «Ээн баштык» жана «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу» боюнча айыпталууда.

УКМКын версиясына ылайык, 2013-жылы Жапаров митингдегилерге Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга буйрук берген.

Жапаров № 1 ТИЗОдо тергөө бүткүчө камакта отурат.


ТЕМА БОЮНЧА: