Евробиримдик Украина үчүн визасыз режимди колдоду

Европарламенттин депутаттары пленардык жыйында Украина үчүн визалык режимди жокко чыгарууну колдошту. Эми украиналыктар керектүү документтерин чогултуп алып Евробиримдик өлкөлөрүнө ээн-эркин кире алышат.

Европа парламентинин депутаттарынын көпчүлүгү, тагыраак айтканда 521 депутат Украинанын тургундары үчүн визасыз режимди киргизүүнү колдошту. ЕБ кеңеши бул чечимди колдоп, Евробиримдиктин расмий журналына жарыялаган соң, визасыз режим күчүнө кирет.

Визасыз режим киргизилген соң украиналыктар Улуу Британия менен Ирландиядан тышкары ЕБдин бардык өлкөлөрүнө кыска мөөнөткө барып келе алышат. Визаны жокко чыгаруу ЕБ өлкөлөрүндө иштөөгө укук бербейт.

«Европарламент Украина менен визасыз режимди колдошу – биздин өлкө үчүн гана эмес, бирикке Европа үчүн да тарыхый мааниси бар добуш берүү», – деп комментарий берди Европарламенттин депутаттарынын чечими тууралуу Украинанын президенти Петр Порошенко.

Ал ошондой эле азыр Украинада биометриялык паспортторду берүүнүн жол-жобосун тездетүү боюнча иш жүрүп жатканын кошумчалады.

Украиналыктар Европа өлкөлөрүнө кирээрде алардан талап кылына турган документтердин тизмесине чет өлкөлүк биометриялык паспорт, каражатынын бар экендиги тууралуу ырастама, иш сапарынын максаты тууралуу документтер, медициналык камсыздандыруу полиси жана Украинага кайра кетчү билет кирчүдөй.

Украина менен Евробиримдиктин визаларды жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрү 2008-жылы эле башталган. 2015-жылы Украина визасыз режимге даярдануу боюнча пландын бардык пункттарын аткарган, бул тууралуу Европа комиссиясы билдирген.

2017-жылдын февралынын башында Евробиримдик Грузиянын жарандары үчүн да визасыз режим киргизген.


ТЕМА БОЮНЧА: