Кыргыз спортчусу Пекин олимпиадасынын коло медалына ээ болду

Кыргыз күрөшчүсү Базар Базаргуруев Олимпиада оюндарынын коло байгесине ээ болду. Бул Пекин олимпиада оюндарындагы допинг пробаларынын текшерилишинен улам болууда.

Пекин жана Лондон олимпиада оюндарында күч сынашкан күрөшчүлөрдүн допинг пробаларынын текшерилишинин натыйжасында үч спортчу квалификацияларынан кол жууган. Алар: Светлана Царукаева, Артур Таймазов жана Василий Федоришин.

Базаргуруев Пекинде 2008-жылы өткөн оюндарда эркин күрөш боюнча 60 кг салмакка чейинки категорияда Кыргызстандын атынан барган. Ошол эле категорияда Василий Федоришин да күч сынашкан болчу, бирок текшерүүдө анын допинг пробасы оң натыйжа берген.

Бул категориядагы турнирдин финалында Федоришин орусиялык Мавлет Батировдон жеңилип калып, коло медалды жапон Кеничи Юмото уткан эле. Федоришиндин пробасынан допинг табылгандан кийин күмүш Юмотого өтүп, ал эми коло Базаргуруевге ыйгарылган.

¼ финалда кыргыз күрөшчүсү дал ошол Федоришинден утулуп калган. Кийин сооротуучу турнирдин биринчи беттешинде Базаргуруев америкалык Майк Задикти утуп алып, финалдагы коло үчүн беттеште Кеничи Юмотодон жеңилип калган.

Пекин жана Лондон оюндарында катышкан айрым спортчулардын допинг пробаларынын натыйжалары тууралуу маалымат Эл аралык олимпиада комитетинин сайтында 5-апрелде эле жарык көргөн.

Кийинчерээк медалдардын кайра ыйгарылышы боюнча маалымат Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында пайда болуп, Пекин олимпиадасынын коло байгеси Базаргуруевге ыйгарылганы расмий түрдө ырасталган.

Базар Базаргуруевдин коло медалы Кыргызстан үчүн төртүнчү олимпиадалык медал болуп калды. Алгачкы коло медалды 2000-жылы дзюдочу Айдын Смагулов алып келсе, кийин 2008-жылы дагы эки медалды күрөшчүлөр Канат Бегалиев (күмүш) менен Руслан Түмөнбаев (коло) алып келишкен.


ТЕМА БОЮНЧА: