Бишкек: Тез жардам автоунаасы автобус менен кагылыша кетти, жабыркагандар бар

Балдар боюнча тез жардам бригадасы Киев жана Жаш гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгына кабылды. Тез жардамды автобустун айдоочусу өткөрбөй койду. Тез жардам автоунаасынын ичиндеги фельдшер, бала жана анын чоң энеси жаракат алышты.

Тез жардам борборунун кызматкери Жанара Айдарова балдар боюнча дарыгерлер бригадасы 9-апрелде жол кырсыгына кабылганын кабарлады. Анын айтымыда, жаркылдаткычы бар тез жардам автоунаасы кычкылтек аппараты менен оорусу катуу баланы ооруканага жеткирип бараткан, бирок автоунааны автобус өткөрбөй койгон.

«Жол кырсыгынан улам өзүнүн оор абалы аз келгенсип, бала соккудан да мээси чайпалып, фельдшердин баш сөөгү, тизе сөөгү жабык сынып, баланын чоң энеси да бир топ жаракат алды», — деп жазды ал.

Дарыгерлер Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилди, бала шаардык балдар клиникалык ооруканасына жөнөтүлдү.

Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз борборунун кызматкери Таалай Бугубаев Kloop.kgге тез жардам автоунаасы №8 маршруттук автобус менен кагылышканын кабарлады.

«№8 автобустун айдоочусу Киев көчөсү менен жол чырактын жашыл түсүнө өтүп баратканда кызыл түскө тез жардам автоунаасы чыга калганын айтты. Анын сөзү боюнча ал дарыгерлердин автоунаасында жаркылдаткычы жоктугунан аларды өткөрбөй койгон», — деди ал.

Бугубаевдин айтымында, окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

ТЕМА БОЮНЧА: