Кыргыз балбандары Болгариядагы эл аралык турнирде төрт медаль утушту

Кыргызстандан барган балбандар «Dan Kolov & Nikola Petrov 2017» турниринде үч күмүш жана бир коло медаль утушту.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 71 килограммга чейинки салмак категориясында турнирдин күмүш медалын Руслан Царев утуп алды. Финалдык таймашта кыргызстандык балбан Риодогу Олимпиаданын күмүш медалынын ээси азербайджандык Расул Чунаевге утулуп калды.

Руслан Царев

Ошол эле категорияда Нургазы Асангулов коло медаль утту. Медаль үчүн күрөштө ал болгарин Свилен Костадиновдон күчтүү болуп чыкты.

85 килограммга чейинки салмак категориясында финалда кыргызстандык Азат Бейшебеков Венгриядан келген дүйнө чемпиону Петер Башчыга утулуп калып, турнирдин күмүш медалына ээ болду.

98 килограммга чейинки салмак категориясында Үзүр Жузупбеков финалда венгр Кисс Балашка жеңилип калып, күмүш медаль алды.

Калыбек Жолчубеков

59 килограммга чейинки салмак категориясында Калыбек Жолчубеков коло медаль үчүн таймашты уттуруп жиберип жыйынтыктоочу эсепте бешинчи орун алды. Ошол эле категорияда Калы Сулайманов он бешинчи орунга илинди. 66 килограммга чейинки салмак категориясында Нурбек Абдуганиев онунчу орунду ээледи.

80 килограммга чейинки салмак категориясында Атабек Азизбеков менен Самат Шердаков квалификациялык айлампадан өтө албай коюшту. 75 килограммга чейинки салмак категориясында Эсен Асанов менен Кайратбек Түгөлбаев да ошол эле баскычта мелдешти аякташты.

85 килограммга чейинки салмак категориясында Аскат Бейшебеков сегизинчи орун алды. Финалдын ⅛ бөлүгүндө кыргызстандык балбан Түркиядан келген атаандашына уттуруп жиберди.

Турнир 7-9 апрелде Русе шаарында (Болгария) болду. Ага дүйнөнүн 40 өлкөсүнө келген 473 спортчу катышты. Кыргызстандын атынан бул мелдешке грек-рим стилиндеги 12 балбан Азат Эркимбаевдин жетекчилиги менен барган.


ТЕМА БОЮНЧА: