«Кыргызавтомаштын» мурдагы айдоочусу Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугун жетектей турган болду

«Кыргызавтомаш» ишканасынын мурдагы айдоочусу Эркин Сопоков Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугун жетектейт. Анын талапкерлиги парламенттин тармактык комитетинде бекитилди, эми анын дайындалышы тууралуу жарлыкка жакында президент Алмазбек Атамбаев кол коймокчу.

Өз эмгек жолун Эркин Сопоков «Кадамжай» совхозунда жумушчу катары баштаган. 1985-жылдан 1989-жылга чейин «Кыргызстандын 60 жылдыгы» совхозунда айдоочу болуп иштеген.

1998-жылдан 2002-жылга чейин «Кыргызавтомашта» айдоочу болуп иштеген. Президент Алмазбек Атамбаев 1997-жылдан 1999-жылга чейин ошол ишканада директор болгон.

«Кыргызавтомашта» иштеп кеткенден кийин 2002-жылы Сопоков мамлекеттик органдарда — ИИМде жана Мамлекеттик салык кызматында ар кандай кызматтарды ээлеп турган.

1995-жылы ал Ташкен ислам институтун бүтүрүп, 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин, 2005-жылы Москвадагы ишкердик жана укук институнун Бишкектеги филиалынын дипломун алган.

Бул «Кыргызавтомаштын» айдоочусу мамлекеттик аткаминер болгон биринчи учур эмес.

Көк-бөрү федерациясынын башчысы Икрамжан Илмиянов да «Кыргызавтомашта» айдоочу болуп иштеген. Андан кийин 2009-жылга чейин Атамбаевдин жеке айдоочусу болгон.

Кийин Илмиянов Убактылуу өкмөттүн премьер-министринин жардамчысы болуп, андан соң президенттик аппараттын башчысынын орун басары жана Атамбаевдин кеңешчиси болуп иштеген.


ТЕМА БОЮНЧА: