Балыкчы-Корумду жолун бүтүрүш үчүн 5 миллиард сомдон ашык акча керек

Транспорт жана жол министринин орун басары Азимжан Жусубалиев Балыкчы-Корумду жолун бүтүрүш үчүн 5,3 миллиард сом керек экенин айтты. Азыр жолдогу бардык иштердин 70 пайызга жакыны бүтө элек.

Жусубалиев Балыкчы-Корумду жолун бүтүрүш үчүн 5,3 миллиард сом зарыл экенин билдирди. Анын айтымында, өкмөт буга 1 миллиард сом бөлүп берүүгө даяр.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Таалай Туйгуновдун айтымында, Балыкчы-Корумду жолу курулуп бүтө элек. Жол курулуш иштери Чолпон-Атадагы ат майдандын жанында каражаттын жетишсиздигинен токтоп калган. Жолчуларга үч айдан бери айлык берилген эмес.

«Республика — Ата-Журт» партиясынын башчысы, депутат Өмүрбек Бабанов Бишкек-Корумду жолунун курулушуна байланышкан тендер одоно мыйзам бузуу менен өткөнүнө ачуусу келди. Атап айтканда, Каржы министрлиги каражат бөлбөсө деле тендер өткөрүлгөн экен.

«Акча жок болсо, Каржы министрлиги акча бөлбөсө тендерди дегеле кантип өткөрдүңөр? Былтыр Көчмөндөр оюндары менен алаксыттыңар эле, быйыл эмне менен жашырасыңар?» — деп сурады Бабанов.

Ал ошондой эле бул тендерге тиешеси бар мурдагы премьер-министр Темир Сариевди жана башка аткаминерлерди жоопко тартыш керек экенин айтты. Темир Сариев Өмүрбек Бабановду өз насыясынан сөздү башкага бурбоого үндөдү.

«Көрүнүп тургандай, ал үй-бүлөсү менен кошо Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан алган 17 миллион долларлык жеңилдетилген насыянын тегерегиндеги жаңжалга басма сөз менен эл абдан көңүл буруп жатканы ага жакпай жатат окшойт», – деди Темир Сариев.

2016-жылдын апрелинин башында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөт жолдун курулушун «Мегаком» уюк операторун сатуунун эсебинен төлөп берүүгө камынып жатканын айткан, бирок компания ошол бойдон сатылган жок.

«Чынын айтканда, тендер акча жок кезде өткөрүлдү. […] Компаниянын күнөөсү жок. Алар ишти каражат жок кезде баштаган, кеп ошондо», — деди ал.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Анын айтымында, келишим түзүлүп жатканда өкмөт курулуш компаниясына 6,8 миллиард сомдук тендердин 10 пайызын төлөп берүүгө милдеттенме алган. Жээнбеков бул компания менен келишимди бузуу мамлекеттен 2,5 миллиард сомду талап кылаарын айтты.

Азыр парламент депутаттары уюк операторун сатууга каршы, анткени ал мамлекетке жакшы киреше алып келип жатат.

Балыкчы-Корумду жолунун узундугу 104 чакырым, аны Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталына — 2016-жылдын сентябрына карата оңдоп бүтүүнү пландаштырып жатышкан.

Транспорт жана жол министрлигинин маалыматына караганда, азыр иш аткаруучу бардык иштин 33 пайызын гана аткарды — 104 чакырым жолдун 34 чакырымы гана бүткөрүлдү.

Чуулгандуу тендер

Өкмөт Бишкек-Корумду жолун салуу боюнча тендерди 2015-жылы өткөргөн. 6,8 миллиард сомдук тендерди Кытайдын ошол учурда лицензиясы болбогон «Лонг Хай» курулуш компаниясы утуп алган.

Эреженин бузулушу өкмөттүн алдындагы мекеме аралык комиссиянын иликтөөсүнө түрткү болуп, ал курулушка жолтоо болгон башка да мыйзам бузууларды тапкан.

Мыйзам бузулган учурлар иликтенип жатканда транспорт министри Аргынбек Малабаев менен премьер-министр Темир Сариевдин ортосунда тирешүү башталган.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев.

Сариев мыйзам бузууга Транспорт министрлигинин начар иши себеп болгонун айтып, Малабаевди иштен кетирүүнү сунуш кылган.

Малабаев болсо өз кезегинде Сариевди «Лонг Хай» компаниясынын кызыкчылыгына сүрөөнчүлүк кылып жатат деп күнөөлөгөн.

Ушул жаңжалдын айынан Темир Сариев өз кызматын тапшырган. Транспорт министри Малабаев да ишинен кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: