Эсептөө палатасы: Трансмин жолдордун наркын ашырып көрсөткөн

Эсептөө палатасы аудит өткөрүп, Транспорт министрлигинин (Трансмин) каржы бузумдары 2015-жылы  188 миллион сомдон ашканын аныктап чыкты. Мекеме мамлекетке 185 миллион сом кайрып бериши керек.

Эсептөө палатасы Транспорт жана жолдор министрлигинин мамлекеттик жана инвестициялык каражаттары 2015-жылы эмнеге жумшалганын текшерип чыкты.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча мекеме жол курулуш иштеринин наркын  145 миллион сомго ашыра көрсөткөнү аныкталды.

Атап айтканда, Бишкектен «Манас» аба майданына чейинки жолдун башынан оңдолушу 132 миллион сомго ашыра көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, бул жолдун оңдолушуна жумшалмакчы болгон дагы 38,5 миллион сом анын өз керектөөсүнө сарпталган.

Жалпысынан Бишкектен «Манас» аба майданына чейинки жолдун оңдолушуна Трансмин 1 миллиард сомдон ашуун каражат жумшаган.

Бирок 2016-жылдын жайында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков трассанын начар сапатына ачуусу келип, тилкени жалдануучунун эсебинен кайра жасап чыгууга буйрук берген.

Эсептөө палатасы Ысык-Көлдөгү Балыкчы—Корумду жолунун курулушуна кеткен чыгымдар 9,8 миллион сомго көп көрсөтүлгөнүн да аныктады.

Азыр курулуш иштери 30 пайызга гана аткарылган. Трансмин бул жолдун курулушун бүткөрүүгө дагы 5 миллиард сом сураган. Жалпы трассанын курулушунун наркы 6,8 миллиард сомго бааланган.

Мындан тышкары, Эсептөө палатасы  Ош—Баткен—Исфана жолун оңдоого жана кармап турууга кеткен чыгымдар 1 миллион сомго, Ош—Сары-Таш—Эркечтам жолунун чыгымдары 1 миллион сомго ашыкча көрсөтүлгөн деп эсептейт.

Трансмин 2,8 миллион сомдук айлык акыны негизсиз төлөгөн жана эч кандай себеби жок эле 400 миң сомду эсептен чыгарып салган.

Мекеме мамлекетке 185,6 миллион сом кайтарып бериши керек. Трансмин буга чейин анын 184 миллион сомун төлөп берди.


ТЕМА БОЮНЧА: