Орусия: Террордук чабуулдун болжолдуу уюштуруучусунун бир тууганы кармалды

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Аброр Азимовдун агасы, 28 жаштагы Акрам Азимовду колго түшүрдү. Ал Петербург метросундагы террордук чабуулду уюштуруш үчүн акча которгон деп шек саналууда.

Акрам Азимов Жаңы Москвада Московский кыштагында колго түшүрүлүп, Тергөө комитетине жеткирилген.

ФККнын бериндилерине караганда, Акрам метродогу террордук чабуулду уюштурууда акча которууда жардамчы болгон. Ал ошондой эле эл аралык террорчул уюмдар менен байланыш каналын түзгөн деп да шек саналууда.

Бир тууган Азимовдордун кичүүсү Билал «Интерфакс» маалымат агенттигине Акрам Оштон Орусиянын талабы менен депортацияланганын айтты.

Акрам Азимов – Орусиянын жараны. Билал Азимовду айтымында, агасы Ошко «башындагы шишигинен» улам келген, ага операция жасалмак.

«Биз алардын күнөөлүү экенине ишенбейбиз, алар террордук чабуул уюштурууга тиешеси болушу мүмкүн эмес болчу, алар кайсы бир жагдайлардын курмандыгы болуп калышса керек», — дейт Билал Азимов.

Анын үй-бүлөсү адвокат жалдап, укук коргоочуларга кайрылууга ниеттенип жатат.

Бир тууган Азимовдордун ортончусу – 27 жаштагы Аброр – Подмосковьеде 17-апрелде кармалган. Кармалып жатканда Азимовдун жанынан тапанча, ошондой эле смартфондору жана дүрмөттөгүчтөрү бар пакет табылган.

Орусиянын Тергөө комитети Азимовду кылмыштын катышуучусу деп атап, террордук чабуулдагы анын ролун тактаган жок, бирок ФКК аны уюштуруучу катары кармаган.

Аброр Азимов өзүнүн террордук чабуулга катышып жатканын билбегенин айтып, анын уюштуруучусу экенин танып жатат. Азыр Петербург метросундагы террордук чабуул тууралуу иш боюнча 10 киши өтүп жаткан кези.

Борбор Азиядан баргандардын кармалышы

3-апрелде метродо болгон террордук чабуулдан кийин Орусиянын бардык аймагында Борбор Азиядан баргандар кармала баштады.

Владимирдин алдыда Укук коргоо органдары террордук чабуул боюнча шек жараткан, Борбор Азияда туулган эки жигитти атып салышты. Атылган жигиттер 25 жана 29 жашта болчу.

Окуя болгон жерде атайын кызмат өкүлдөрү бомба жасаганга керектүү тетиктерди, АК-74 автоматын, Макаров тапанчасын жана ок-дары табышты.

Санкт-Петербургда болсо алты кыргызстандык жана эки өзбекстандык жаран «Жебхат ан-Нусра» жана «Ислам мамлекети» террордук уюмдарына адамдарды тартканы үчүн камакка алынды.

Петербург метросундагы террордук чабуул

Жарылуу 3-апрелде «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларынын ортосунда болгон. Террордук чабуулдун кесепетинен 15 киши курман болуп, 50дөн ашуун адам жабыркаган.

Тергөө комитети террордук чабуулду Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов койгонун аныктаган.

Метродогу террордук чабуул боюнча шектүү сегиз киши 7-апрелде камакка алынган. Иш боюнча тергөө улантылууда.


ТЕМА БОЮНЧА: