Тажик мамлекеттик ЖМКлары Рахмондун толук даражасын айтууга милдеттендирилди

Тажикстандын мамлекеттик ЖМлары эми президент Эмомали Рахмондун толук даражасын «Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү — Улут башчысы» деп айтууга милдеттүү. Мурда журналисттер анын даража-наамдарын «Улут башчысы» же «Мамлекет башчысы» деп кыскартып келишкен.

Бул эрежелер апрелдин ортосунан тартып күчүнө кирди. Тажикстандын мамлекеттик радиосунун директору Фаррух Зиёев президенттин бардык наамдарын санап чыгуу мыйзам талабы болуп эсептелээрин жана журналисттер аны сакташы керек экенин айтат.

«Бирок журналисттер “Мамлекет башчысы” же жөн гана “Улут башчысы” деген синонимдерди колдонсо жарай бере турган учурлар болот. Ал эми расмий билдирүүлөрдө бардык даражасын толук көрсөтүш керек. Журналисттерден мыйзам ченемин аткаруу гана талап кылынат, болгону ошо», — деди ал.

Тажик юристи Шокирджон Хакимов «Озоди» үналгысы менен болгон маекте президенттин даражасын жазбай койгондор үчүн жоопкерчилик каралбаганын айтты.

«Президентти тааныштырыш үчүн жаңылыктарда бир мүнөттөн ашуун убакыт кетет, анан албетте, жаңылыктын өзү “жоголуп кетээри” турган иш», — деп эсептейт Хакимов.

Тажикстанда 2015-жылы «Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү — Улут башчысы жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.

Мыйзам президент Эмомали Рахмонго жана анын үй-бүлөсүнө өмүрүнүн аягына чейин кол тийбестик укугун берип, ага «Улут башчысы» наамын берген. Бул наамды алып жүргөн кишиге акаарат айтканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.


ТЕМА БОЮНЧА: