Базар-Коргон районундагы жер көчкүдөн жабыркаган киши көз жумду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун ооруканасында 23-апрелде Арсланбап айылында түшкөн жер көчкүнүн натыйжасында жабыркаган Жумалы Машрапбай уулу көз жумду. Жабыркагандардын акыркысы Кадыржан Умаров оор абалда жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Жумалы Машрапбай уулу жашаганга жол бербей турган жаракаттардан улам көз жумганын билдирди. Ал 24 жашта болчу.

Каза болгон жигиттин денеси көпкө басылып калып, оор жаракат алып, жамбашы менен жото жиликтери сынган.

Жабыркаган экинчи киши оор абалда. 64 жаштагы Умаровдун жото жилиги сынып, мээси туюк жабыркап, денеси көпкө басылып калып, оор  жаракаттан дендароо абалда жатат.

Дарыгерлер Арсланбап айылында короолорду кыдырып, муктаж болгондордун баарына амбулатордук жардам көрсөтүшүүдө.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында 23-апрелде 300 куб метрдей жер көчкү түшүп, төрт кишини басып калган.

Куткаруучулар үч кишини тирүү алып чыкканга жетишкен, бирок жабыркагандардын бири ооруканага баратып жан берген.

Сүрөт: «Турмуш»


ТЕМА БОЮНЧА: