Автоунаа сүзүп кеткен окуучулардын ата-энеси опуза тууралуу арызданды

Ички иштер министри Улан Исраилов Бишкекте үчүнчү класстын окуучуларын автоунаа сүзүп кеткен окуянын иликтенишин жеке өзү көзөмөлдөөгө убада берди. Окуучулардын ата-энеси айыпталып жаткан айдоочунун туугандары аларды коркутуп, кысым көрсөтүп жатышканын айтып арызданды.

27-апрелде парламент депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып Исраилов айдоочунун туугандары окуучулардын жакындарына байланышка чыгып, алардан дооматы жок экендиги тууралуу арыз алууга аракет кылып жатышканын билдирди.

«Күнөөкөр жазасын алышы үчүн биз бул ишти жеке көзөмөлүбүзгө алабыз», — деди ал.

Бишкек ШИИБи жол кырсыгына кабылган окуучулардын туугандарына сакчылыкты камсыз кылат.

Министр айыпталуучу айдоочу мурда ушундай жол менен жоопкерчиликтен кутулуп кеткенин да айтты.

«2015-жылы ал жөө бараткан кишини койдуруп кетип, ал киши жан берген. Бирок анда айдоочу жабыркагандардан арызынан баш тарткан кагаз алып жоопкерчиликтен кутулуп кеткен», — деди ал.

Окуучулардын үй-бүлөлөрүнө кысым

Жабыркаган окуучу Эрбол Мамажакыповдун энеси Элиза айыпталып жаткан айдоочунун туугандары аны коркутуп жатышканын айтты. Анын сөзүнө караганда, айыпталуучунун туугандары ага акча сунуш кылып, моралдык кысым көрсөтүшкөн.

«Бирок биз аны мыйзам боюнча жазага тарттырууга аракет кылабыз», — деди ал.

Алимбектин тууганы Эркеайым айыпталуучу тарап аларга ар кандай кишилерди жөнөтүп, арыз жазбаганга көндүрүүгө аракет кылып жатышканын айтат.

Эрбол Мамажакыпов 26-апрелде реанимациядан кадимки палатага которулган, анын абалы онолуп келатат.

Башка окуучу — Алимбек — жол кырсыгынан бери эсине келе элек. Бирок дарыгерлер анын абалын туруктуу деп эсептешет.

Үчүнчү класстын окуучуларын сүзүп кеткен айдоочу

Окуучулар 21-апрелде Бакаев (мурдагы Чапаев) көчөсүндө жол кырсыгына кабылышкан.

Кара көк «Мерседес-Бенцтин» айдоочусу жөө кишилердин өткөөлүндө окуучуларды койдуруп алып изин жашырып кеткен.

Окуучулар шаардык ооруканага оор абалда жеткирилген.

Окуядан 5 саат өткөн соң автоунаанын айдшоочусу милицияга күнөөсүн моюнга алып келген. Укук сакчыларынын маалыматына караганда, эки жыл мурун да ал бир кишини койдуруп кетип, ал өлүп калган.

Сот кармалган немени тергөө бүткүчө эки айга ТИЗОго камакка алган.


ТЕМА БОЮНЧА: