Видео: Бишкекте кара «Мерседес» эки окуучуну сүзүп кетти

Бишкекте Чапаев көчөсүндө 382 AAF номерлүү кара «Мерседес-Бенц» эки окуучуну сүзүп кетти — бул тууралуу видеону коомдук түйүндөрдө паблик OMKS таратты. Балдар оор абалда ооруканага жеткирилди.

Видео 21-апрелде таратылды — анда эс-учун жоготуп жолдо жаткан эки окуучу тартылган, бирөөнүн оозунан кан кетип жатат.

Видеонун сүрөттөмөсүнө караганда, аларды чоң ылдамдыкта келаткан кара «Мерседес-Бенц» сүзүп кетип, кырсык болгон жерге 382 AAF мамлекеттик номерин түшүрүп алып, изин жашырып кеткен.

Бишкектин КМКнын маалыматы боюнча балдар оор абалда үчүнчү балдар ооруканасына жеткирилди.

«Бүгүн 13:35те күзөт бөлүмүнө Чапаев көчөсүндө болгон жол кырсыгы тууралуу билдирүү келип түштү. Кызматкерлер күбө болгон адамдардын айтуусунан улам кара түстүү «Мерседес-Бенц» жөө жүргүнчүлөрдүн өткөөлү менен өз жолунда кетип бараткан үчүнчү класстын окуучуларын сүзүп кеткенин аныкташты», — деди КМКнын басма сөз катчысы Таалайбек Бугубаев.

Азыр милиция кылмыш ишин козгош үчүн жол кырсыгынын жагдайларын иликтеп жатат, деди Бугубаев.

Видеону бөлүшкөн жол активисти Айбек Баратов окуяга күбө болгондордун сөзүнө таянуу менен Kloop.kgге кара «Мерседес» чоң ылдамдыкта баратканын жана эки окуучуну байкабай калган болушу мүмкүн экенин айтты.

Баратов «Мерседес» кайгуул милициясынын кызматкерлеринин буйругуна баш ийбей чоң ылдамдыкта качып бараткан болушу мүмкүн деп эсептейт.

«"Мерседестин" артынан чоң ылдамдыкта "Субару" бараткан. Балким кайгуул милициясы эреже бузуучуну кууп бараткан болушу мүмкүн», — деп болжолдойт Баратов.