Бийлик «Боингдин» кулашынан көз жумгандардын жана жапа чеккендердин үй-бүлөлөрүнө 100 миллион сом которду

«Боинг-747нин» кулашынан улам курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебинен 100 миллион сомдон ашуун акча которулду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарынын жеке эсептерине ӨКМдин эсебине келип түшкөн 100 миллион сомдон ашуун акча которулганын кабарлады.

Өкмөттүн билдирүүсүнө караганда жабыркагандар бардык чыгашаларга, анын ичинде турак-жай алууга кеткен чыгаша нак эмес формада - акчаны бир эсептен экинчисине которуу формасында болушун суранышкан.

Жабыркагандар ошондой эле «ар кандай алдамчылыкка алдырбаш үчүн» өкмөттүк комиссиядан турак-жай сатып алууга көз салууну өтүнүшкөн.

Акча которулгандан кийин жабыркагандар убактылуу жайгаштырылган турак-жайды бошотуп бериши керек болот.

Өкмөт кулап түшкөн «Боинг-747ге» ээлик кылган Түркиянын «ACT Airlines» авиакомпаниясы кун төлөй тургандыгы күтүлүп жатканын билдирди. Бирок акча качан төлөнөөрү так белгисиз. Авиакомпания өлкө бийлигине буга чейин эле 42 миллион сом которуп берген.

Жабыркагандарга үч ай бою кун төлөнгөн эмес. Бийлик акчаны бөлүштүрүү менен кыштак тургундары да кирген атайын комисссия алек болуп жатканын билдирген.

Жүк ташуучу «Боинг-747» Бишкектин жанындагы Дача-СУ кыштагына 16-январда аба майданына жетпей кулап түшкөн.

Кырсыктын натыйжасында 39 киши, анын ичинде экипаждын төрт мүчөсү көз жумган.


ТЕМА БОЮНЧА: