Чек ара кызматынын аскердик бөлүгүнөн курал уурдап сатуу боюнча иш сотко жиберилди

Аскердик прокуратура Чек ара кызматынын складдарынан курал-жарак уурдап сатуу боюнча айыпталып жаткан 13 кишиге каршы кылмыш ишин сотко өткөрүп берди. Ишке мурдагы жана учурдагы аскер кызматкерлери, милиция кызматкерлери жана жарандык адамдар аралашкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 13 кишиден турган топ Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик бөлүгүнөн курал-жарак жана ок-дары уурдап жүргөн. Уурдалган курал кийин башка адамдарга сатылып турган.

Айыпталуучулардын катарында мурдагы жана учурдагы аскер кызматкерлери, милиция кызматкерлери жана жарандык адамдар бар.

Тергөөнүн жыйынтыктары боюнча, аларга Кылмыш кодексинин 7 беренеси — «Уурулук», «Куралды мыйзамсыз сатып алуу жана алып жүрүү», «Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коромжу кылуу», «Жасалма документтерди даярдоо» жана башкалар боюнча айып коюлган.

Прокуратура ишти Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Куралдын уурдалышына жол берген кызмат адамдарына каршы тергөө улантылууда.

Курал сатуу үчүн колго түшүрүү

2016-жылдын октябрында милиция ИИМдин 10-башкармалыгынын башчысын жана Чек ара кызматынын пенсионерлерин курал сатуу боюнча шек санап кармашкан. Шектүүлөрдүн так санын укук сакчылары айтуудан баш тартышкан.

Күч түзүмдөрүндөгү маалымат булактарына таянуу менен «Заноза» маалымат агенттиги Мамлекеттик чек ара кызматынын складынан курал уурдаганы үчүн офицер менен прапорщиктерден 26 киши кызматтан алынганын кабарлаган.

Агенттиктин маалыматына караганда, курал уурдалганы тууралуу билдирүү ИИМге мурда төрт милиция кызматкери кармалган түштүк жактан келип түшкөн.

«Заноза» иликтөөнүн учугу Чек ара кызматынын складына алып келгенин билдирди. Агенттиктин маалыматы боюнча, чек арачылар жана Башкы штабдын кызматкерлери куралдын сатылып жатканын билишкен, 2014-жылдан бери ал колдонууга жараксыз катары тизмеден чыгарылып келген.

Ошондо эле куралдын мыйзамсыз сатылышы үчүн Башкы штабдын аскердик бөлүгүнүн айдоочусу да колго түшүрүлгөн. Коомдук ишмер Эдил Байсалов өзүнүн твиттер-аккаунтунда кармалган неме «Мамлекеттик коргонуу комитетинин» жеке айдоочусу экенин билдирген. Кийинчерээк Башкы штаб бул маалыматты четке каккан.


ТЕМА БОЮНЧА: