Бишкек: Тез жардамдын автоунаасын сүзүп алып качып кеткен айдоочу кармалды

Кайгуул милициясы Бишкектин батыш жагында тез жардамдын автоунаасын сүзүп алып качып кеткен айдоочуну кармап алды.

Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы тез жардамдын автоунаасы менен сүзүшө кеткени боюнча шек саналган айдоочу 1-май күнү эртең менен кармалганын билдирди. Айдоочунун айтымында, ал жол кырсыгынан улам дендароо абалда болгондуктан окуя болгон жерден качып кеткен.

28-апрель күнү кечинде Бишкекте Жаш Гвардия бульвары менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде тез жардам автоунаасы менен «Мерседес» сүзүшө кетишкен.

Тез жардам автоунаасы Жаш Гвардия проспекти менен кетип бараткан, ал Бөкөнбаев көчөсүнө бурулганда аны «Мерседес» сүзүп алып, анын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен.

Тез жардам автоунаасында бейтаптар болгон эмес, ал № 2 шаардык төрөт үйүнө кан куюу үчүн кан ташып бараткан болчу.

Жол кырсыгынын кесепетинен улам тез жардамдын айдоочусу жабыркап, ал Бишкек травматология жана ортопедия борборуна жеткирилген.

Эки машине тең штрафтык токтотмого жөнөтүлгөн, тергөө улантылып жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: