Бишкекте жол кырсыгына кабылган окуучулар: Экинчи бала эсине келди

Автоунаа сүзүп кеткен 21-апрелден бери комада жаткан үчүнчү класстын окуучусу Алимкул Сыранов эсине келип, сүйлөй баштады. Азырынча Алимкул реанимацияда калууда. Экинчи окуучу Эрболдун абалын дарыгерлер жакшы деп баалап жатышат.

Алимкул Сыранов — 21-апрелде автоунаа сүзүп кеткенде жабыркаган окуучулардын бири — комадан чыкты.

Азыр бала сүйлөгөнгө жарап калды, бирок оңоло түшкөнүнө карабастан Алимкул дагы эле реанимациядан чыга элек.

Экинчи окуучу Эрбол Мамажанов азыр деле ооруканада жатат, бирок дарыгерлер анын абалын жакшы деп баалашууда.

Окуучулар 21-апрелде күндүз Бакаев (мурдагы Чапаев) көчөсүндө жол кырсыгына кабылышкан.

«Мерседес-Бенц» автоунаасынын айдоочусу эки баланы жөө жүргүнчүлөрдүн чыйырында сүзүп алып кырсык болгон жерден качып кеткен.

Окуучулар шаардык ооруканага оор абалда жеткирилген.

Окуучуларды койдуруп кеткен айдоочу ошол эле күнү милицияга күнөөсүн моюнга алып келген. Айыпталуучу эки айга ТИЗОго камалды.

Бирок ошондон кийин балдардын туугандары айыпталуучунун туугандары опузалап жатканын айтып арызданышкан.

Ички иштер министри Улан Исраилов иликтөөнү өз көлөмөлүнө алды. Милиция окуучулардын туугандарына сакчы койду.

Тергөө аныктагандай, бул айыпталуучу жөө кишини койдуруп кеткен биринчи окуя эмес. Эки жыл мурун ушул эле айдоочу бир эркек кишини сүзүп өлтүрүп алып жоопкерчиликтен кутулуп кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: