Өзгөндө дагы бир жер көчкү 10 үйдү басып калды, эч ким жабыркаган жок

Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагында 30-апрелде жер көчкү 10 үйдү басып калды. Эч ким жабыркаган жок, анткени тургундардын баары коопсуз жерге көчүрүлүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, калктуу пунктта 61 үй жайгашкан, алардын 10у көчкүнүн астында калды. Көчкү коркунучуна мектеп, бала бакча, мечит жана фельдшердик-акушердик пункт да кабылды.

Эвакуациялаган айыл тургундары жер көчкү түшкөнгө чейин эле коопсуз жердеги 15 чатырга көчүрүлгөн.

Мурда 29-апрелде Өзгөн районунун Аюу айылында жер  көчкү жети үйдү басып калган. 24 киши жер астында калган болчу.

Куткаруу иштеринин жүрүшүндө 30-апрелде үч маркумдун — 2005 жана 2015-жылы туулган эки кыздын жана бойго жеткен бир кыздын сөөгү табылды. Куткаруу иштери улантылууда, окуя болгон жерде 380 киши иштеп жатат.

Айылдын көпчүлүк тургундары апрелдин башында эле жер көчкү коркунучунан улам эвакуацияланган экен, бирок алардын бир бөлүгү өз үйлөрүнө кайра келип алган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, 28-апрелде алар кайра барып алган айыл тургундарын жер көчкү коркунучуна кабылган жерден кетүүнү суранышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: