Куткаруучулар Өзгөндөгү жер көчкүнүн алдынан дагы эки кишинин сөөгүн алып чыгышты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунун Өзгөн районунун Аюу айылындагы жер көчкүнүн алдынан куткаруучулар дагы эки кишинин сөөгүн алып чыгышканын билдирди. Көчкүнүн алдында дагы 19 киши калууда.

Куткаруучулар  жер көчкүнүн алдында жан берген дагы эки кишинин —  39 жаштагы эркек кишинин жана төрт жашар эркек баланын сөөгүн табышты. Издөө иштери убактылуу токтотулду, алар 3-майда эртең менен кайрадан улантылат.

Мурда дагы үч кишинин — эки кичинекей кыздын жана бир бойго жеткен кыздын сөөгү табылган.

Жер көчкүнүн алдында эми дагы 19 киши калды.

29-апрелде эртең менен Аюу айылындагы 11 үйдү жер көчкү басып калган.

Айыл тургундарынн көпчүлүгү жер көчкү коркунучунан улам апрелдин башында эле эвакуацияланган, бирок айрымдары кайра үйлөрүнө кайтып келишкен.

Жергиликтүү бийлик кайтып келген айылдыктарды 28-апрелде көчкү коркунучу бар жерден кетүүнү суранганын, бирок алар баш тартып коюшканын билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгон адамдардын туугандарына 100 миң сомдон акча бөлүп берди.


ТЕМА БОЮНЧА: