Муфтият: Жер көчкү түшкөн жак маркумдардын көрүстөнү боло алат

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) Өзгөндө жер көчкү түшкөн жакты курман болгондордун көрүстөнүнө айлантууну сунуш кылды. Жердин астында 24 киши калып, алардын үчөөнүн сөөгү табылган.

Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев Kloop.kg менен болгон маекте Өзгөндө жер көчкү түшүп, азыр издөө иштери жүрүп жаткан жерди маркумдардын көрүстөнүнө айлантса болоорун айтты.

«Бул Аалымдар кеңеши тарабынан чыгарылган чечим. Эгерде эл ал жерди көрүстөн болсун десе, шариат ага тыюу салбайт. Биз алардан тактайлы дедик, эгерде алар кааласа ошол жерди көрүстөн кылса болот», — дейт Ибраев.

Анын айтымында, дин ишмерлери үйлөрүн көчкү басып калган адамдардын туугандарын жаназа түшүрүүгө чакырыш үчүн Өзгөнгө жөнөп кетишти.

«Үч сутка ичинде ал жерден сөөктөрдү алып чыгыш мүмкүн эмес. Ал арада адамдын сөөгү бузулуп кетиши мүмкүн, андыктан убагында жаназа намазын окуп койбосо, маркумга жакшы болбой калат», — деп эсептейт Ибраев.

Ал адегенде курман болгондордун туугандары жаназа намазын окуткусу келбегенин, бирок түшүндүрүү иштеринен кийин макул болушканын айтты.

«Албетте, адамдарды издеш керек, бирок жаназасын окуп койгондон жаман болбойт, тескерисинче маркумдарга жакшы болот», — деди Ибраев.

Өзгөндөгү жер көчкү

Ош облусунун Өзгөн районунун Аюу айылында көлөмү 1 миллион куб метр жер көчкү түшүп жети үйдү басып калган.

Баш-аягы 24 адамдан турган алты үй-бүлө жер астында калган. Алардын үчөөнүн — эки жаш кыздын жана бир бойго жеткен кыздын сөөгүн куткаруучулар кийинки күнү табышкан, бирок калгандары дагы эле жер астында жатат.

Азыр окуя болгон жерде 500дөй куткаруучу иштеп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: