Өзгөндөгү жер көчкү: Атамбаев каза болгондордун туугандарына 100 миң сомдон акча бөлүп берди

Президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкүнүн астында калып жан берген адамдардын туугандарына 100 миң сомдон акча бөлүп берди.

Жер көчкүнүн астында калып жан берген үй-бүлөлөрдү туугандары президенттен материалдык жардам иретинде 100 миң сомдон акча алышат.

29-апрелде эртең менен жер көчкү 11 үйдү басып калган, алардын төртөөндө эч ким жашаган эмес. Көчкүнүн алдында калып 24 киши мерт болгон.

Кийинки күнү куткаруучулар эки кичинекей кыздын жана бойго жеткен бир кыздын сөөгүн алып чыгышкан. Маркумдардын калгандары азырынча дагы эле жердин астында.

Жер көчкү болгон жерде 400дөн ашуун куткаруучу иштеп жатат.

Айыл тургундарынын көпчүлүгү жер көчкү коркунучунан улам апрелдин башында эле эвакуацияланган, бирок айрымдары кайра үйлөрүнө кайтып келишкен.

Жергиликтүү бийлик кайтып келген айылдыктардан 28-апрелде көчкү коркунучу бар жерден кетүүнү суранганын, бирок алар баш тартып коюшканын билдирди.


ТЕМА БОЮНЧА: