«Elektromed» Атамбаевдин бычымын ырастап, Байсаловду жалаакор катары айыптады

«Elektromed Elektrik» түрк компаниясы Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2000-жылдардын башында «Guncanlar Elektrik Elektronik» компаниясынын акцияларын 35 миллион долларга сатканын ырастады. Мурда бул бычым тууралуу маалыматтан коомдук ишмер Эдил Байсалов күмөн санап, ырастоочу документтерди талап кылган.

«Elektromed Elektrik» компаниясынын президенти Ахмет Кая Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынын Атамбаев 2003-жылы «Gülcanlar» компаниясынын 90 пайыз акциясын 35 миллион долларга сатып жибергени тууралуу маалыматын ырастады.

Өз билдирүүсүн Кая электрондук почтадагы таркатма аркылуу кыргыз маалымат каражаттарына жөнөткөн. «Elektromed» компаниясынын административдик иштер боюнча менеджери Kloop.kgнин журналисттерине басма сөз баракчасы жөнөтүлгөн электрондук даректин нукура экенин ырастады.

«2006-жылы фирманы каржылык жоюу процесси аяктаган жана "Gülcanlar" фирмасы өзүнүн бүтүндөй каржысы жана мүлкү менен өз ишмердүүлүгүн "Elektromed Elektronik" катары уланткан», — деп жазат катта Кая.

Президент Алмазбек Атамбаев (ортодо) өзүнүн жакын досу Ахмет Каяга (оңдо) таандык «Termikel» түрк тиричилик техника дүкөнүнүн ачылышында. Сүрөт: «Termikel»

Анын түшүндүрмөсүндө, компаниянын каржылык отчеттуулугу — бул «коммерциялык сыр», андыктан «фирманын ийгилиги жана экономикалык турмуштагы натыйжалуулугу үчүн» үчүнчү тараптардын жана мамлекеттик мекемелердин ага жеткилиги чектелген.

«Бул маалыматка жеткилик белгилүү бир сандагы гана адамдарда болушу керек, башка адамдардын, атап айтканда атаандаштардын маалыматка жеткилиги болсо фирмага олуттуу зыян тийиши мүмкүн», — деп жазат компаниянын президенти.

Бычымдын нукуралыгы тууралуу коомдук ишмер Эдил Байсалов күмөн санаган, ал кыргыз президентинин администрациясынан ырастоочу документтерди талап кылган.

Кая өзү Байсаловду «фирмага зыян келтирди», «жалаа жапты», ошондой эле тарапкерлерин Түркиянын бийлиги «террорчулар» деп атаган дин таратуучу Фетхулла Гүлендин кыймылын коргоп жатат деп айыптады.

«"Gülcanlar" фирмасын мыйзамсыз түрдө  "Elektromed" фирмасы сатып алган деп, мыйзамсыз жол-жобо жасалган деп жалаа жапты. Эч кандай мыйзам бузулбаганына карабастан, ал "Gülcanlar" фирмасы Алмазбек Атамбаевден мыйзамсыз сатып алынган деп жалаа жапты», — деп жазат ал.

Ахмет Кая Алмазбек Атамбаев менен 2000-жылдардан бери тааныш жана Кыргызстанда 2010-жылы бийлик алмашкан соң анын коомдук кеңешчиси болуп иштеген. Кая менен Атамбаевдин байланышы тууралуу толугураак бул жерден окусаңар болот.

Байсалов: «Elektromedдин» билдирүүсү менин сөздөрүмдү жокко чыгарбайт

Байсалов өзүнүн «Фэйсбуктагы»  барагында «Elektromedдин» билдирүүсү анын сөзүн төгүндөбөй тургандыгын жазды. «"Eletkromed Elektronik" компаниясы президенттин басма сөз кызматы 12-апрелде жазгандай эч качан Алмазбек Атамбаевге таандык болгон эмес. Биздин билишибиз керек болгон маалымат ушул эле болчу», — деп жазды ал.

Коомдук ишмердин жазганына караганда, ал «Elektromed» компаниясы Атамбаевге таандык болгону тууралуу, же «Gülcanlar» компаниясы «Elektromed» болуп атын өзгөрткөнү тууралуу ачык документтерди таппаганын билдирген.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов. Сүрөт: «Азаттык»

«Чындыгында эле ушул күнгө чейин 90 пайыз үлүштү Алмазбек Атамбаев Ахмет Уфук Коркмаз мырзага өткөрүп бергени тууралуу гана документтер жарык көргөн. Мен элдин баарына ачык документтерге таяндым», — деп жазды Байсалов.

Ал «жалган жана атайын бурмаланган маалыматты» пайдаланбаганын, ошондой эле «Gülcanlar» фирмасы «мыйзамсыз жол менен» Атамбаевден сатып алынганы, «Elektromed» аны кийин «мыйзамсыз жол менен» сатып алганы тууралуу айтпаганын билдирүүдө.

«[…] мен башынан эле коммерциялык маалыматка жеткилигим жок экенин айтып келгем жана президент тараптан гана ушул бычымдын аныктыгын ырастаган банк кагаздарын Кыргызстандын коомчулугуна көрсөтүүнү сурангам», — деп жазды ал.

Байсалов «Elektromed» ишканасынан компаниянын «ыгы жок чабуулун жана жалаасын» жокко чыгарууну талап кылды. Анын айтымында, аны азыр «эл аралык террорчул топтор» менен кызматташуу боюнча күнөөлөп, «террорчу» катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат.

Атамбаевдин бычымы боюнча талаштар

Президент Алмазбек Атамбаев 5-апрелде өз байлыгынын келип чыгышы тууралуу маалыматты жарыкка чыгарган — ал башкы прокурор Индира Жолдубаевага 2000-жылдардын башында түрк компаниясынын 90 пайыз акциясын сатып жибергенде 35 миллион доллар алганын билдирген документтерди көрсөткөн.

Президенттик администрациянын маалыматы боюнча, Атамбаев «Gülcanlar Elektrik Elektronik» компаниясынын акцияларына ээ болуп, ал кийин «Elektromed Elektronik» болуп атын өзгөрткөн.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов акциялардын сатылышы тууралуу маалыматтан күмөн санап, аны ырастаган документтерди талап кылган. Кийин ал «Guncanlar» «Elektromed» болуп өзгөрбөгөн болушу мүмкүн экенин көрсөткөн башка документтерди да жарыкка чыгарган.

Далил катары коомдук ишмер компаниялар өз ара отчеттуулугу жок экенин, иштери бири-бирине көз каранды эмес экендигин тастыктаган документтерди мисал келтирген.

Атамбаевдин мүлкүнүн келип чыгышы тууралуу суроолор оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин дооматынан улам коюла баштаган, ал президент Кипрде ишкерлик кызыкчылыктары бар экенин айткан.

Оппозициячы Өмүрбек Текебаев.

Текебаев Кипрден алынган документтерди далил катары көрсөтүүгө камынып жаткан, бирок ага жетишкен жок. Ал 26-февралга караган түнү алдамчылык жана коррупция боюнча айыптоо менен кармалып, азыр тергөө изоляторунда отурат.

Атамбаев өзү 2011-жылы президент болуп шайлангандан кийин Түркияда ишкерликти токтотконун бир нече жолу айтып келген.

Башкы беттеги сүрөт: «Elektromed Elektrik» компаниясынын президенти Ахмет Кая, ДЕИК