ИИМ «Биринчи каналдын» Кыргызстандагы кулчулук жөнүндө сюжетинин чындыгын ырастаган жок

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги «Биринчи каналдын» «Жди меня» берүүсүндө айтылгандай орусиялык Сергей Черненький Талас облусундагы айылдаштары тарабынан кулчулукта кармалбаганын билдирди.

Кыргызстандын милициясы «Биринчи каналдын» 2017-жылдын 24-мартында «Жди меня» берүүсүндө көрсөтүлгөн сюжетин текшерип чыкты. Сюжетте Черненький Талас облусунун Орто-Арык айылында 16 жылдан ашуун кармалганы айтылган.

«Сергей Черненькийдин кулчулукта кармалганы тууралуу “Жди меня” программасында айтылган маалымат ырасталган жок», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

ИИМ Черненький жашаган үй-бүлө да, алардын кошуналары да сурамжыланганын кабарлады.

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири милицияга Сергейди Кара-Балта шаарынын мал базарында 2001-жылы жолуктурганын айткан. Черненькийдин бараар жери жок экенин билгенден кийин аны үйүнө чакырган. Чарбада жардам бергени үчүн Черненький үч-төрт миң сом алчу экен.

Кошуналары милицияга орусиялык жаран ал үйдө үй-бүлө мүчөсүндөй жашаганын, аны эч ким иштөөгө мажбурлабаганын жана сабабаганын айтып беришкен.

Үйдүн ээси кошунасы аркылуу Черненькийдин Орусиядагы үй-бүлөсүн да издеген, бирок туугандары аны менен байланышпай коюшкан.

Андан тышкары, ИИМ Черненький Таласта эмес, Чүй облусунда жашаганын билдирди.

Черненький көрсөтүүнүн кабарчыларына 20 жыл мурун Кыргызстанга энесинин үйүн сатып, кайра артка кетиш үчүн Забайкалье крайындагы Краснокаменскиден келгенин айткан.

Бирок алдамчыларга жолугуп калып, алар анын паспортун жана үйүнүн документтерин тартып алышканын билдирген.

Черненький милицияга кайрылып, бирок жардам бергендин ордуна тергөөчү Черненький чабан болуп иштеп берсе паспортун кайтарып берүүгө жана Орусияга кетүүгө жардам берээрин айткан.

Черненькийдин айтымында ал ошондон бери кулчулукта жашап келген.


ТЕМА БОЮНЧА: