«Жди менядан» төгүндөө: Айылдыктар орус жаранынын кул болуп жүргөнүн айтуудан «коркуп жатышат»

«Мени күт (Жди меня)» берүүсүнүн журналисттери Орусиянын жараны Сергей Черненькийди чын эле кыргыз айылында 16 жыл кулчулукта кармашкан деп билдирип чыгышты. Орусиялык журналисттердин айтымында, айылдыктар чындыкты айтып берүүдөн коркуп жатышат, анткени Черненький жашаган үй-бүлөнүн баласы «Кыргызстандын ИИМинин жогорку мансаптуу кызматкери» болуп саналат.

«Мени күт» берүүсүнүн «Фэйсбуктагы» расмий барагында пост жарыяланып, анда программанын кызматкерлери кыргыз журналисттеринин айткандарын төгүнгө чыгарышкан.

Берүүнүн кызматкерлери орус жараны Сергей Черненько чын эле Кыргызстандын Орто-Арык айылында 16 жыл кулчулукта кармалган деп ишенишет.

«Албетте, эмгек кулчулугуна туш болгонубузда, экинчи тарап, "кожоюндар" ар дайым кол алдындагы киши өз эрки менен жүргөнүн айтышат», — деп белгилешет берүүнүн кызматкерлери.

Черненькийдин чын эле «кулчулукта» болуп-болбогонунун айланасындагы талаш-тартыштар кыргыз журналисттери Орто-Арык айылына барып, анын жашоочуларынан интервью алгандан кийин күчөп кеткен. Айылдыктардын бири да «кулчулук» фактын ырастаган эмес. Жашоочулардын ишендиришинче, эгерде Черненький кааласа, эркин эле кетип кала алмак.

«Ал бардык эле коңшулардын үйүнө кирип, сүйлөшүп жүрчү. Аны жакшы карап, акча беришчү. Эгер ал кеткиси келсе, кете алат эле, аны эч ким кармаган эмес. Ал болгону кайда кетиш керек экенин билген эмес. Анын бара турган жери деле жок болчу», — деген Орто-Арык айылынын жашоочусу Талант Наматов.

Ал эми «Мени күттүн» командасынын пикири башкачараак. Алардын ишендиришинче, Черненький кулдукта кармалды деген үй-бүлөдөгү адам «аябай таасирдүү».

«"Кожоюндун" баласы Кыргызстандын ИИМинин жогорку мансаптуу кызматкери. […] Жашоочулар болгону коркуп жатышат, бизге телефон аркылуу да, кийин Орто-Арык айылында да көп жолу айтышкан», — дешет «Мени күттөгүлөр».

«Туугандары аны издеген эмес»

Кыргыз журналисттеринин иликтөөсүндө баяндалгандай, Орто-Арык айылындагы кыргыз үй-бүлөсү Черненькийдин Орусиядагы туугандарын табууга аракет кылышкан.

Бирок алар Черненькийдин жубайын Читадан табышканда, ал Сергей алар үчүн «мурда эле өлгөнүн айткан».

«Мени күттүн» кызматкерлери муну да төгүнгө чыгарышкан. Алардын ишендиришинче, Черненькийдин жубайы менен кызы 20 жылдан бери аны издеп жүрүшкөн.

«Биздин сайтыбызга алар 2009-жылы чыгарган арыз бар, бул документ алардын ушул жылдар аралыгында аны издеп жүргөнүн күбөлөндүрөт», — дешет берүүнүн кызматкерлери.

«Мени күттүн» чыгарылышы

«Мени күт» берүүсүнүн орус жаранынын «кулчулукта» жүргөнү тууралуу сюжети 24-мартта көрсөтүлгөн.

Берүүдө Сергей Черненькону кызы менен жубайы 1997-жылы дайынсыз жоголуп, ошондон бери Орусиядагы үйүнө кайтып келбегенин айтып беришкен.

Андан кийин программанын журналисттери Кыргызстанга келип, кантип Черненькийге «16 жыл кызмат кылган» адамдын үйүнөн «качууга» жардам бергенин көрсөтүшкөн.

Бирок өз атасынын үйүн сатып «ичип алып», паспортун жоготуп койгонун айтып келген Черненькийди Атыркүл Сулайманова менен Соорбек Мамбеталиев карап келишкенин айтышкан.

Мамбеталиевдин айтымында, Черненький малдарды караган, жасаган иши үчүн бир аз акча төлөп берип, тамак берип, кийинтишкен.

Кыргызстандын ИИМи бул сюжеттин чын-төгүнүн текшерип жатат. Мекемеден кабарлашкандай, буга чейин да алар Биринчи каналдын ойдон чыгарылган окуяларына туш болушкан.

2016-жылдын жаз айларында журналисттер менен Орусиянын элчилиги эки баланы орган сатуудан куткарып калган деген берүү чыккан. Кийин милиция аныктагандай, бул окуя жалган болуп чыккан.


ТЕМА БОЮНЧА: