Бийлик авиакырсыктан кун алгандардын тизмесин чыгарбай жатат

Өкмөт учактын кулашынан улам мерт болгондордун жана жабыркагандардын кун алган туугандарынын коопсуздугу үчүн алардын тизмесин чыгарбай жатканын билдирди.

Бийлик үстүнө 2017-жылдын 16-январында жүк ташуучу учак кулап түшкөн Дача-СУ кыштагынын тургундарына кун бөлүштүрүү боюнча түшүндүрмө берди.

Өкмөттүн билдирүүсүнө караганда, жабыркагандардын фамилиялары жана алган куну көрсөтүлгөн тизме алардын коопсуздугу үчүн жарыяланбайт.

«Бүгүнкү күндө жабыркагандардын өз айтымында аларды карактоо аракеттери болгон. Өкмөттүк комиссия жабыркаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тапшырма берди», — деп айтылат билдирүүдө.

Жабыркагандарга жардам «бир үй - (бир участок ээси) - бир жардам» принцибинде берилген.

Бийлик кун алгандардан ал акчага турак-жай сатып алууну суранууда. Эмгиче жабыркагандардын жетөө батир жана үй сатып алып коюшту.

Жабыркаган адамдар ичинен документтери жоктугуна байланыштуу кун төлөнбөй жүргөндөрү акчасын 10-майда алат.

Бийлик жабыркагандардын эсебине 102 миллион сомдон ашуун акча которду, алар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебинде топтолгон.

Ошондой эле өкмөттүн эсебинде кулап түшкөн учактын ээси болгон түрк компаниясы которгон 42 миллион сом дагы турат.

Өкмөт кундун калган бөлүгүн которуп бериши керек болгон түрк компаниясы менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын белгилейт.

Ал акчаны да учак кулаганда жабыркаган жарандар алат.

Жүк ташуучу «Боинг-747» учагы быйыл 16-январда эртең менен эл жашаган үйлөргө кулап түшкөн. Кырсыктын натыйжасында 39 киши мерт болуп, 26 үй талкаланган.

Мамлекеттин эсеби боюнча, зыяндын суммасы 186 миллион сомду түздү.


ТЕМА БОЮНЧА: