Аймакты жер көчкүдөн кантип сакташ керек?

Кыргызстанда жер көчкүлөр такай эле жүрүп турат. Кыргызстандын ӨКМи жыл сайын элди кооптуу жайлардан көчүрүүгө аракет кылат, бирок жергиликтүү тургундар үйүнө кайта беришет. Kloop.kg аймакты жер көчкүдөн сакташ үчүн эмне кылыш керек экенин билип келди.

Быйыл жазында эле жер көчкүлөр Кыргызстанда 30дан ашуун кишинин өмүрүн алып кетти. Топурактын эбегейсиз зор массасы тоо этектериндеги конуштарды басып калып, жердин алдында бүтүндөй көчөлөр калган учурлар болуп жатат. Ал үйлөрдүн айрымдары ээн болчу — кожоюндары көчүрүлүп же иш издеп кетишкен. Дагы башкаларында адамдар жашап жүргөн, алар жок эле дегенде үй-жайынан ажырашты.

Жер көчкүнүн астында бүт үй-бүлөсү менен кырылып калгандар болгон. Айрым учурларда маркумдар ошол бойдон табылган жок — алардын үйлөрүн баскан жер массасы өтө эле чоң эле.

«ӨКМ байкоо жүргүзүп, буйрук берет, жергиликтүү бийлик болсо элди көчүрүп же жер көчкүгө даярданат. Жер көчкү түшкөндөн кийин ӨКМ анын кесепеттерин жоёт», — деди Kloop.kgге мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Элвира Шерипова.

ӨКМдин маалыматы боюнча, жер көчкүлөр негизинен Ош жана Жалал-Абад облустарында түшөт. Жалпысынан жыл башынан бери 100 жер көчкү түшүп, 60тан ашыгы чукул кырдаалдарды түздү, башкача айтканда үйлөрдү талкалап, адам өлүмүнө алып келди.

Бак тигүү

Эмил Шүкүров. Сүрөт: Андрей Костикин / ONE MAGAZINE

Эколог Эмил Шүкүровдун пикиринде, жер көчкүлөрдү таптакыр токтотуп коюш мүмкүн эмес, бирок алардын санын азайтса болот. Ал мындай жаратылыш кырсыгынын негизги себеби — жаан-чачындын көптүгү эмес, адам баласынын ишмердүүлүгү деп эсептейт.

«Эгерде тоонун бетинде жер көчкү коркунучу бар болсо, аны кескенге эч болбойт, бизде болсо үй же жол салынып жатканда ошентип атышат», — дейт ал.

Жер көчкүгө мал жаюу да себеп болот — тоонун бетинде өсүмдүк калбай калат. Чөп, бадал жана бак жш өскөн эңкейиште баткактын агымы жыла албай калат, бактардын тамырлары болсо топуракты кармап турат.

«Биз анын баарын камсыз кыла албаган соң элди кооптуу райондордон коопсуз жакка көчүрүүдөн башка айла жок», — деди эколог.

ӨКМ айрым жерлерди көчкүдөн сакташ үчүн чара көрө баштады. Азыр мекеме «Жашыл долборду» жүзөгө ашырып, жер көчкү коркунучу бар жерлерге бак тигүүдө. Негизинен аймакка ылайыктуу жемиш бактар тандалып алынган. Бактар калктуу конуштарды селден сактап гана тим болбостон, жергиликтүү тургундарды да багат.

Дамбалар жана рельефтин өзгөрүшү

Үйдү анча чоң эмес жер көчкүдөн сакташ үчүн бийиктиги бир нече метрлик бетон же камыш тосмолорду салса болот. Тоо түбүндө жашаган киши андай тосмону өзү деле кура алат.

Селдер жана жер көчкүлөр менен күрөшүүнүн эң кардиналдуу түрү — рельефти өзгөртүү. Анда тоо жана аска породалары бекемделип, өзөндөрдүн нуктары өзгөртүлүп, тоолордо ноолор салынат.

Жер көчкүнүн негизги себеби катары топурактын ашыкча ным тартышы айтылып жүрөт. Анын алдын алыш үчүн дренаж системасын салса жарашат. Жер үстүнөн өткөн сууну шагыл таш менен толтурулган арык менен, ички сууну — кен оюктары же жантык скважиналар менен алып өтсө болот. Бирок ал үчүн чоң ресурстар керек.

Сүрөт: Allbiz

Тоо породаларын торкеттеп бекитсе болот — жөнөкөй айтканда тоонун өзөгүн арматура жана бетон менен бекемдесе болот. Андай учурда тоону арматура тор менен курчап, ага бетон аралашма коюшат.


ТЕМА БОЮНЧА: