Бишкек шаардык соту Текебаев Ибраимовго миллион сом төлөп бериши керек деп чечти

Бишкек шаардык соту депутат Өмүрбек Текебаев ишкерлик аброюна шек келтиргени үчүн мэр Албек Ибраимовго 1 миллион сом төлөп бериши керек деген биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

«Ата Мекен» партиясынын юристи Канатбек Азиз адвокаттар бир жыл ичинде Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы даттанышаарын билдирди.

«Биз 1 миллион сом төлөп берүү тууралуу соттун чечими менен макул болбойбуз. Бирок ага каршы качан даттанаарыбыз — бул башка маселе. Саясий кырдаал өзгөрсө, ошого жараша көрөбүз», — деди ал Kloop.kg менен болгон маекте.

Сот мурда юристтердин Текебаев Албек Ибраимов тууралуу «алабарман» деп айткан сөздү лингвистикалык экспертизадан өткөрүү тууралуу өтүнүчүн четке каккан.

Эки ай мурун Биринчи май райондук соту Албек Ибраимовдун доо арызын канааттандырып, Текебаевди доочуга анын ишкерлик аброюна шек келтиргендиги үчүн 1 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Мэр Ибраимов Текебаевге каршы 2016-жылдын ноябрында доо арыз берген. Анын пикиринде, Текебаев өзүнүн сүйлөгөн сөздөрү жана «алабарман» деген сөздү колдонушу менен ага моралдык зыян келтирген.

Оппозициячы Текебаев Ибраимов Кой-Таш айылындагы жерди президент Алмазбек Атамбаевге Бишкектин мэри болуп дайындалыш үчүн бергенин далай жолу айтып келген.

Депутат ошондой эле Ибраимов «Манас» аба майданынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турганда борттук тамактануу цехин жогорулатылган баа менен сатып алганын айткан.


ТЕМА БОЮНЧА: