Жалал-Абад: Санаторийдин жетекчилиги айлык төлөгөндүн ордуна машине сатып алган

«Жалал-Абад» санаторийи кызматкерлердин айлыгын жана салык төлөгөнгө арналган акчага «Лексус GX 470» автоунаасын сатып алган.

«Жалал-Абад» санаторийине ээлик кылган Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясы текшерүүнүн жүрүшүндө ири өлчөмдө акчанын, тамак-аш өндүрүмдөрүнүн жетишпестигин таап чыккан.

«Каражаттар “Лексус GX 470” классындагы кымбат жол тандабасты сатып алууга максатсыз пайдаланылганы айкын болду. Ошол эле учурда санаторий салык кызматынын, Соцфонддун алдында, санаторийдин кызматкерлеринин айлыгын төлөө боюнча карызы бар», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Текшерүү учурунда санаторийдин директору Максат Абышкаев негизги кызматтарга өз туугандары менен тааныштарын дайындап алганы аныкталган.

Инспекторлордун айтымында санаторийдин кызматкерлери алардын текшерүүсүнө жолтоо болуп, документтерди берүүдөн баш тартышкан.

Текшерүүчүлөр Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчилигин текшерүү бүткүчө директордун орун басары Жумалы Апиевди кызматтан четтетүүнү суранышкан.

Санаторийдин директору Абышкаев кызматынан бошотулган жок, анткени ал шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер болгондуктан мыйзам боюнча 28-майда өтө турган шайлоого чейин өз милдетин аткара албайт.

Мындан тышкары, Кесиптик кошуундар федерациясы санаторийдин жетекчиси кылып «тышкы башкаруучуну» убактылуу дайындады.

Бирок санаторий кызматкерлери баш-аламандык уюштуруп, курорттун аймагына Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрүн жана убактылуу жетекчини киргизбей коюуга аракет кылышты.


ТЕМА БОЮНЧА: