Жандооч кыргыз айылынын жер көчкүгө чейинки жана андан кийинки сүрөтүн тартты

Америкалык NASA космос агенттиги Ош облусунун Өзгөн районунун Курбу-Таш айылында түшкөн жер көчкүнүн сүрөтүн чыгарды. Сүрөттөр космостук жандоочтон жер көчкү түшкөндөн бир жума мурун жана андан кийин тартылган.

«Landsat 8» космос жандоочу Курбу-Таш айылындагы жерди 25-апрелде, жер көчкү түшкөнгө чейин бир жума мурун сүрөткө тартып алган. Кийинки сүрөт май айында, жер көчкүдөн кийин тартылган.

«Кийинки кадрларда көрүнүп тургандай, топурак күрөң. Салыштырыш үчүн, сол жакта быйыл 25-апрелде тартылган ошол эле жер  көрсөтүлгөн», — деп айтылат NASAнын баяндамасында.

Курбу-Таш

Ош облусунун Өзгөн районунун Курбу-Таш айылында жер көчкү бир нече жолу түшкөн. 1-майдагы биринчи көчкү 11 үйдү басып калган. Төрт күндөн кийин экинчи жер көчкүнүн астында 30 үй калган. Дагы бир жер көчкү 11-майда 45 үйдү жана 3 социалдык объектини жок кылган.

Кыргызстандын ӨКМинин маалыматына караганда, жер көчкүнүн жалпы көлөмү 2,8 миллион куб метрди түздү.

Эч ким жабыркаган жок, тургундардын баары убактылуу чатырчаларга көчүрүлгөн. Бийлик Курбу-Таш айылынын тургундарына 1 миллион сом бөлүп берди.


ТЕМА БОЮНЧА: