Милиция «Дыйкан» базарынын 11 соодагерин буйрукка баш ийбегени үчүн кармады

24-майга караган түнү милиция Бишкектеги «Дыйкан» базарынын бир нече кызматчысын буйрукка баш ийбегени үчүн кармап кетти. Ага чейин бийлик базарды жабыш үчүн милиция кызматкерлерин тартып, кармалгандар укук сакчыларына каршылык көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы базардын 11 кызматчысы милиция кызматкерлерине баш ийбегени үчүн кармалганын кабарлады. Милиция соодагерлер мэрия кызматкерлерине «Дыйкан» базарын жабууга жолтоо кылышкан деп билдирүүдө.

Кармалгандарга «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу  буйругуна же талабына баш ийүүдөн баш тартуу» беренеси боюнча административдик протокол түзүлүп, сотко өткөрүлдү.

Азыр базардагы абал туруктуу, тартипти 300 милиция кызматкери камсыз кылып турат.

Мурда мэрия муниципалдык «Дыйкан» жашылча-жемиш базары 2017-жылдын 24-майында жабылаарын кабарлаган.

Базардын жабылышынын негизги себеби — анын мунай базасына жакын жайгашып, элдин коопсуздугуна коркунуч келтиргенинде.

«Базардан чыга турган кошумча жол жок, андыктан кайсы гана чукул кырдаал болбосун каргаша менен бүтүшү ыктымал», — дейт мэрия.

Ал тургай Мамэкотехинспекция мунай базасына жүз метрден жакын жайгашууга тыюу салат.

Эми шаардыктар айыл чарба өндүрүмдөрүн «Дордой-Дыйкан» жана «Сары-Өзөн Дыйкан» базарларынан ала алышат.

Бишкектин жетекчилиги бул базарды 2017-жылдын 11-апрелинде эле жапмакчы болгон. Базардын соодагерлери аны жаптырбаш үчүн бир нече жолу, анын ичинде Президенттик Администрациянын алдына да  митингге чыгышкан.

Соодагерлердин айтымында, базар боюнча талаш бир жылдан ашуун убакыттан бери созулуп келатат. Алар жападан-жалгыз муниципалдык базардан жеке менчик базарларга сүрүлүп жатышканына нааразы.


ТЕМА БОЮНЧА: