«Дыйкан» базарынын соодагерлери базарга алып барган бирден-бир жолдун оңдолушунан улам митингге чыгышты

Бишкектеги муниципалдык «Дыйкан» жашылча базарынын жүзгө жакын соодагери базарга алып барган бирден-бир жолду шаар бийлиги оңдоо максатында жаап салгандыктан митингге чыгышты. Аким базарга каттагандар үчүн жолдун бир тарабын ачык калтырууга убада берди.

Базарда иштегендер жолдун оңдолушу алардын соодасына жолтоо болуп жатканын айтышат. «Дыйкан» базарынын кесиптик кошуунунун төрайымы Роза Ибраимованын сөзүнө караганда, соодагерлерди жолдун жабылышы тууралуу эч ким эскерткен эмес.

Анын пикиринде, бийлик базарды ушундай жол менен жаап салгысы келет.

«Биздин базарды жаап салууга төрт жолу далалат болгон. Алар бизди башка базарга барып иштесин деп жатышат», — деди ал.

Ибраимова аларга барып иштегенге сунуш кылынган «Сары-Өзөн» базары менчик экенин айтты. Аталган базарды ал чоң жүк ташуучу автоунаалар үчүн ыңгайсыз жерде турат деп эсептейт.

«Биз ал жакта бир ай да чыдабайбыз, анткени ал жакта өкмөттүк трасса бар, чоң автоунаалар үчүн шарт жок», — деди ал.

Анын айтымында, ал жакта автоунаалар үчүн токтотмо жок, чоң автоунаалар кенен бурулуп нары-бери жүрө алышпайт.

Ал базарды көчүрүүгө Ленин районунун акиминин кызыкчылыгы бар экенин айтты.

Базардагы соодагерлердин бири жаңы базардагы ижара акысынын кымбаттыгынан улам бул жерде соода кылгандар үчүн ал жакка көчүү пайдасыз болоорун түшүндүрдү. Анын айтымында, азыр алар ижара үчүн айына беш-алты миң сом төлөп жатышса, жаңы барган базарында 10-15 миң сом төлөшкө туура келет.

Митингдегилерге Ленин районунун акими Нурдин Тынаев чыкты. Анын сөзүнө караганда, базарга алып барган жолду оңдоо шаар трассаларын оңдоонун планына кирет.

«Биз жолду толук жаппайбыз. Бир жагын ачык калтырабыз», — деди ал.

Ал ошондой эле бул базар боюнча бир нече инспекция корутунду берип, базар мыйзамсыз салынганын моюнга алышканын айтты. Базарды жабуу жөнүндө маселе качан биротоло чечилээрин ал айткан жок.

Мурунку күнү, 14-мартта, жолдун жабылышынан улам жүздөн ашуун соодагерлер президенттик администрациянын алдына митингге чыгышкан.

2016-жылдын октябрында Мамэкотехинспекция базардын аймагында эрежелер бузулганын тапкан. Ошол негизде базарды жаап, соодагерлерге болсо башкалаадагы башка, «Дордой Моторс» жана «Сары-Өзөн» базарларында орун берүү сунуш кылынган. Бирок «Дыйкандын» соодагерлери көчүүдөн караманча баш тартышкан.

Видеотрансляция: Арсений Мамашев
Журналист: Регина Им
Сүрөт: Данил Усманов