Видео: Бишкек-Ош жолунда жүк ташыгычтар сүзүшүп, бир айдоочу мерт болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек-Ош жолунда «Вольво» жүк ташыгычы менен бензин ташыгыч сүзүшүп кеткенин кабарлады. Бензин ташыгычтын айдоочусу мерт болуп, «Вольвонун» айдоочусу менен жүргүнчүсү ооруканага жеткирилди.

Жол кырсыгы болжол менен 22:20да болгон. Кан жолдо жүк ташыгыч «Вольво» менен бензин ташыгыч сүзүшө кетишкен. Натыйжада бензин ташыгыч жолдон ыргып кетип, оодарылып барып күйө баштаган. Анын айдоочусу мүрт кеткен.

Өрттү эки өрт өчүрүүчү топ баскан.

«Вольвонун» айдоочусу менен жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген, алардын өздүгү аныкталып жатат.

Милиция жол кырсыгынын себебин иликтөөдө.


ТЕМА БОЮНЧА: