Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өспүрүм жети жашар мектеп окуучусун зордуктаган. Милиция зордукчуну жоопко тарта албайт, анткени ал 14 жашка чыга элек.
Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы өспүрүм окуучуну ээн калган үйгө алып барып зордуктап салганын айтты. Балдар бир мектепте окуйт.
Окуя 2017-жылдын 17-майында Сузак районунда болгон. Биринчи класстын окуучусу эти ооруй баштаганда гана муну ата-энесине 24-майда айткан.
Азыр бала ооруканада. Экспертизага караганда, окуучу бир нече жолу зордукталган.
«Бул факты боюнча экспертиза, анын ичинде биологиялык жана сот-медициналык экспертиза дайындалган. Тергөө-оперативдик амалдар жүргүзүлүүдө. Анын натыйжасында юридикалык баа берилет», — деп билдирди милиция.
Тергөө жүрүп жатат. Милиция зордукчуну жоопко тарта албайт, анткени ал 14кө чыга элек.
Бул Сузак районунда окуучулар зордукталган биринчи окуя эмес. 2016-жылдын ноябрында жергиликтүү мечиттин имамы тогуз жашар баланы зордуктаганы үчүн жети жылга кесилген.
Сузактагы медресинин имамынын кармалышына жабыркаган баланын энесинин кайрылуусу негиз болгон — ал айыл мечитинин 58 жаштагы имамы анын уулун зордуктап жүргөнүн билдирген.
ТЕМА БОЮНЧА:
- Сузакта зордукталган бала: Имам жети жылга эркинен ажыратылды
- «Өнүгүү-Прогресстин» депутаттары балдарга зомбулук жасагандарды өлүм жазасына тартууну сунушташты
- Ош: Бачабаздык үчүн дин кызматкери 15 жылга соттолду