Мамкамсыздоо Чоң-Алайда жер титирөөдөн жабыркагандарга 4 миллион сомдон ашуун акча төлөп берди

Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынан мурда өз үйлөрүн камсыздандыруу полисине тууралаштырып койгон 25 тургун акча төлөтүп алды. 2017-жылдын май айында Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн үч миңден ашуун киши турак-жайынан ажыраган.

Акча алган тургундар мурда өз үйлөрүн алдын-ала өрттөн жана жаратылыш кырсыгынан камсыздап коюшкан, ошондуктан Мамкамсыздоо аларга 4 миллион сомдон ашуун акча төлөп берди.

Бир үйдүн камсыздандыруу полиси жылына 600 сомдон 1200 сомго чейин турат, мында Мамкамсыздоо камсыздандыра турган учур келгенде айыл жериндеги үйгө 500 000 сом, ал эми шаардагы үйгө бир миллион сомго чейин акча төлөп бериши керек.

Бирок Чоң-Алайдын көпчүлүк тургундары үй-жайын камсыздандырган эмес, ал эми жер титирөөдөн үч миңден ашуун киши үйү жок калды. Ошонун айынан май айында Мамкамсыздоонун башчысы Бакыт Жумашев иштен бошотулган.

Мурда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жабыркагандарга үч миллион сом бөлүп берген, бирок үй-жайы жок калган кишилерге мамлекет дагы кошумча акча бөлүп береби-жокпу, анысы белгисиз.

Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн беш айыл: Карамык, Шибе, Жекенди, Чүлүк жана Кара-Тейит жабыр тарткан.

Адамдар чатырда жашаганга мажбур болуп жатышат, 500дөн ашуун үй менен бир оорукана жараксыз абалда калды. Айылдарда мектеп катары чатырлар тигилди.