Шыкмаматов менен Саляновага каршы козголгон иштер сотко өткөрүлдү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «атамекенчи» Аида Салянова менен Алмамбет Шыкмаматовго каршы козголгон кылмыш иштерин сотко өткөрүп берди. Салянова адвокаттык лицензияны мыйзамсыз узартуу, Шыкмаматов болсо коррупция боюнча айыпталууда.

«Ата Мекендин» депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча сот 15-майда башталат. Ал коррупция боюнча айыпталууда.

Шыкмаматов 2011-жылы автоунааларды сатып алуу боюнча сунуштарды караган тендердик комиссиянын курамында болгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал тендердик комиссия жана жеке менчик «Барат Люкс» фирмасынын директору менен сүйлөшүп койгон.

Тергөөчүлөрдүн пикиринде, алдын-ала сүйлөшүлгөн «Барат Люкс» компаниясы тарабынан Е-класстагы «Мерседес-Бенц» маркасындагы беш автоунааны жеке адамдардан сатып алуу тууралуу жасалма келишимдер түзүлгөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Шыкмаматов тендердик өтүнмөгө өз аялынын да автоунаасын киргизип, аны 14 500 долларга саткан. Бирок экспертиза боюнча, автоунаанын чыныгы баасы 10 миң долларды түзгөн.

Шыкмаматов өзү болсо «Азаттык» менен болгон маегинде күнөөсү жок экенин айтты.

«Мамлекетке зыян тийген эмес, кылмыш курамы жок, ыйгарым укуктарынан ашыра пайдалануу жок. Мага каршы Юстиция министрлигинен да, Мамкаттоодон да эч нерсе таба албай коюшту. Эми болсо мен каршы болгонум үчүн гана эң оор берене боюнча эптеп иш козгошту. Мен сотторго ишенбейм», — деди ал.

Депутат Аида Салянованын иши боюнча сот качан болоору азырынча белгисиз. Ал 2010-жылы юстиция министри болуп турганда адвокат Алексей Елисеевдин лицензиясын «мыйзамсыз» узартып берген деп айыпталууда.

Кыргызстанда бул юрист бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин кызыкчылыгын коргоп жүргөнү менен белгилүү.

Салянова «Азаттык» менен болгон маекте өзүнө каршы козголгон кылмыш ишине саясий буйрукту аткаруу деп баа берди.

«Тергөөдө адвокаттык лицензияларды узартууну жакшы билген тажрыйбалуу эксперттер баары мыйзамдуу болгон деп билдиришти. Бирок ошого карабастан бир да далили жок бойдон иш сотко өткөрүлдү», — деди ал.

Оппозициячыларга каршы кылмыш иштери

Шыкмаматов менен Саляновага каршы кылмыш иштери парламенттеги «Ата Мекен» фракциясы бүт бойдон Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөргө каршы чыккан соң козголгон.

Партиянын башчысы Өмүрбек Текебаев коррупции жана алдамчылык боюнча айыпталып, эки айдан ашуун убакыт бою УКМКнын тергөө изоляторунда отурат.

Атайын кызматтар Текебаев, Шыкмаматов, Салянова үчөөнөн тең «Мегаком» уюк операторунун акцияларын сатууда кызыкчылыгы болгон деп шек саноодо.

Референдум 11-декабрда өтүп, Конституцияга түзөтүүлөр киргизилген.


ТЕМА БОЮНЧА: