Баткен-Ош кан жолундагы кырсыктан үч киши мерт болду

Баткен облусунда кан жолдо кетип баратып «Хонда Степвагон» автоунаасынын дөңгөлөгү жарылып кетип, жүргүнчүлөрү менен кошо бир нече жолу ала салып кетти. Жол кырсыгынын натыйжасында үч киши мерт болду, автоунаанын дагы алты жүргүнчүсү ооруканага жаткырылды.

Жол кырсыгы 29-майда Баткен-Ош кан жолундагы 45-чакырымда болгон.

Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы жүргүнчү ташыган «Хонда Степвагон» чоң ылдамдыкта кетип баратып дөңгөлөгү жарылып кеткенин билдирди. Айдоочу рулду башкара албай калып, минивэн суу агызган аңга ыргып барып, бир нече жолу ала салып кеткен.

Машинедеги тогуз кишинин үчөө мүрт кеткен. Алардын арасында 13 жаштагы бала, 36 жаштагы эркек киши жана 55 жаштагы аял бар.

Андан тышкары, алты жүргүнчү ар кандай жарадар болуп ооруканага жеткирилди. Айдоочу өзү жабыркаган жок.

ИИМдин баштапкы маалыматтары боюнча, айдоочу ылдамдыгын кыйла ашырып жиберген.

Жол кырсыгынын чоо-жайы иликтенип, экспертизалар жүрүп жатат. Иликтөө башталды.

Сүрөт: ИИМ


ТЕМА БОЮНЧА: