Укук коргоочулар шайлоодо эркин байкоочуларды чектөөгө каршы митингге чыгышты

Бишкекте Президенттик Администрациянын жанында эркин байкоочулардын шайлоодогу аракетин чектей турган түзөтүүлөрдү кабыл алууга каршы чыккан укук коргоочулар митинг өткөрүштү. «Шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилгени жаткан өзгөртүүлөргө ылайык байкоочулар бир участоктон экинчисине барууга жана шайлоо комиссияларынын аракеттерине каршы даттанууга укугу жок болот.

Митингди уюштурган укук коргоочу Динара Ошурахунова шайлоодо эркин байкоочуларды чектөөгө багытталган түзөтүүлөр «бийликтин тапшырмасы» менен киргизилгени жатат деп эсептейт.

Анын айтымында, азыр бийлик президенттик шайлоо учурунда коомдук көзөмөлдү жок кылыш үчүн эркин байкоочуларды гана эмес, бүтүндөй жарандык коомду да чектегиси келип жатат.

«Орусиядагыдай, Казакстандагыдай эле жарандык коомду чектөө болуп атат. Ал жарандык коом уюмдары кийин таптакыр эч кандай байкоо жүргүзбөй калышы үчүн бийлик акырындап бардык ыкмалар менен кысым көрсөтүп жаткан чагы», — деди Ошурахунова Kloop.kg менен болгон маекте.

Укук коргоочу бийлик бул түзөтүүлөрдү тезирээк кабыл алыш үчүн жол-жобону бузганына нааразы болду. Анын айтымында, «Шайлоо жөнүндө» мыйзам сыяктуу конституциялык мыйзамдарга кандай гана өзгөртүүлөр болбосун коомдук талкуудан кийин киргизилиши керек эле, ал болсо өткөрүлгөн эмес.

«Мындан тышкары, алар "эркин байкоочулар сүйлөшүп алып шайлоону бузуп салышы мүмкүн" деген таптакыр жапайы дооматтарды, божомолдорду алып чыгышты. Алар ага бир да далил жана факты келтиришкен жок, анткени андай фактылар дегеле болгон эмес», — деди Ошурахунова.

Ошурахунова эркин байкоочуларга шайлоо комиссиясынын бузумдары тууралуу даттанууга тыюу салган түзөтүүнү «абсурд» деп эсептейт.

«Бул түзөтүүлөр Конституцияга каршы келет, андыктан алар аткарылышы мүмкүн эмес. Алар азыр аны кабыл алышкан күндө деле мен баары бир жаран катары бузумдарды көрсөтүп, аларга каршы даттанууга акым бар», — деди ал.

Бирок түзөтүүлөрдү сунуш кылгандар алар кимдир-бирөөнүн укугун кемитет деп эсептешпейт.

Президентчил КСДП фракциясынын өкүлү Мухтарбек Айнакулов Kloop.kg менен болгон маекте эркин байкоочуларды чектеш керек экенин, анткени алар чет өлкөлүк демөөрчүлөр тарабынан каржыланып, шайлоонун жыйынтыгына таасир тийгизип коюшу мүмкүн экенин айткан.

«Өкмөттөн эркин уюмдар тыштан каржыланып жатканын көрүп турабыз. Алар кайсы бир партияларга, талапкерлерге кызыкчылыгы болушу мүмкүн», — дейт Айнакулов.

Байкоочуларды чектөө

Түзөтүүлөргө ылайык эркин байкоочулар шайлоо участогунда аккредитациядан өтүшү керек.

Бир участокто бир өкмөттөн эркин уюмдан бир гана байкоочу иштей алат.

Андан тышкары байкоочуларга бир шайлоо участогунан экинчисине өтүүгө тыюу салынат. Мыйзам бузулган учурда байкоочулар шайлоо комиссиясынын аракети тууралуу даттана албайт.

Парламент бул түзөтүүлөр киргизилип жаткан «Шайлоо жөнүндө» мыйзамды эки окууда колдоп койду. Түзөтүүлөр күчүнө кириши үчүн депутаттар мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алып, президент болсо ага кол коюуга тийиш.

Авторлошу: Анна Капушенко


ТЕМА БОЮНЧА: