Эркин байкоочулардын иши шайлоодо чектелиши мүмкүн

Алдыдагы президенттик шайлоодо эркин байкоочулардын ишин чектей турган түзөтүүлөрдүн автору, парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Мухтарбек Айнакулов аларды кабыл алуу эмне үчүн маанилүү экенин түшүндүрүп берди. Сунуш кылынган түзөтүүлөргө ылайык байкоочулар бир шайлоо участогунан экинчисине бара албайт жана шайлоо комиссияларынын бузумдары тууралуу маалымат бере албайт.

Депутаттын айтымында, эркин байкоочулар тышкы демөөрчүлөр тарабынан каржыланып, шайлоонун жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн.

«Биз көрүп тургандай өкмөттөн эркин уюмдар тыштан каржыланат. Алар кээде кайсы бир партияларга, талапкерлерге кызыкчыгы болгон учурлар кездешет», — деп эсептейт Айнакулов.

Сунуш кылынган түзөтүүлөргө ылайык, өкмөттөн эркин уюмдун атынан бир гана байкоочу келе алат, ага бир шайлоо участогунан башка шайлоо участогуна барууга тыюу салынат. Демилгечи байкоочулардын азайышы алардын укугун кемитпейт деп эсептейт.

«Бул жерден мен эч кандай укукту кемитүүнү көргөн жокмун. Саны азайып калса ал коркунучтуу эмес», — деп эсептейт депутат.

Айнакулов партиялардын байкоочулары таза шайлоо өткөрүүгө кызыкчылыгы көбүрөөк экенин айтып жатат. Депутат өкмөттөн эркин уюмдардын өкүлдөрүнө эч ким шайлоого катышууга тыюу салбаганын билдирди.

Бирок укук коргоочулар «Шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизүүгө сунуш кылынып жаткан түзөтүүлөр алардын укуктарын бир топ чектейт деген ойдо.

«Адилет» юридикалык клиникасынын өкүлү Бектур Осмонбаев бир уюмдан барган бир байкоочу эки жакка карай албайт, ал эми сунуш кылынган түзөтүүлөрдөгү өкмөттөн эркин уюмдар үчүн аккредитация тууралуу талап кошумча бөгөт коет деп эсептейт.

Мындан тышкары, байкоочулар шайлоо комиссияларынын бузумдары тууралуу даттана алышпайт.

«Анда байкоочу бузумду каттайт, бирок ал тууралуу даттана албайт», — дейт Бектур Осмонбаев.

Осмонбаев мындай талап байкоочунун ишинин маанисин жокко чыгарат деп эсептейт.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова да бийлик өкмөттөн эркин уюмдарын ишин чектеп жатканын билдирди. Ал мындай түзөтүүлөр эмне себептен сунуш кылынып жатканын билиш үчүн мыйзам долбоорунун авторун дебатка чакырды.

«Эгерде Ошурахунова анын укуктары чектелип жатат деп эсептесе, демек мыйзамды ошондой түшүнөт экен […] Биздин КСДП партиябыз дайыма таза шайлоого умтулуп келген», — деди мыйзам долбоорунун автору.

Авторлошу: Нуржамал Жанибекова

Сүрөт: «Спутник»


ТЕМА БОЮНЧА: