Сот «Азаттык» менен «Занозанын» эсептерин камакка алуу жөнүндө чечимди күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту «Азаттык» менен «Занозанын» эсептерин камакка алуу жөнүндө Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы 6-апрелде «Азаттык» менен «Занозанын» эсептерин камактан чыгарбай турууну чечти.

«Занозанын» башкы редактору Дина Маслова соттун чечими алар күткөндөй эле болгонун айтты.

«Бул иш сотто биздин демилге менен каралган. Бирок шаардык сот камакка алууну күчүндө калтыраарын күтүп эле турганбыз. Биздин адвокат бул чечимге каршы Жогорку сотко даттанганы жатат. Менин пикирим боюнча ушундай жол менен алар жамааттын ындынын өчүрүп, ишибиздин ыргагын бузган жатышат», — деди ал.

Атамбаев ЖМКга каршы

Башкы прокуратура президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргош үчүн 2017-жылдын мартынын башында ЖМКларга каршы доо арыз берген. Бир ай ичинде «Азаттык» эки, «Заноза» төрт доо арызга туш болгон.

Сотко биринчи кайрылууга «Ата Мекен» партиясынын юристтеринин басма сөз жыйынынын материалдарын чыгаруу себеп болгон. Юристтер аларда Бишкектин жанында кулап түшкөн «Боинге-747деги» жүктүн бир бөлүгү Атамбаевге таандык экенин далилдеген документтер бар экенин айтышкан.

Анда көзөмөл органы редакцияларды «жалган маалымат таратканы» үчүн айыптап, «Азаттыктан» 10 миллион сом, «Занозадан» 3 миллион сом компенсация өндүрүп берүүнү талап кылган.

Ушул эле маалымат каражаттарына каршы башкы прокурор Индира Жолдубаева президент Атамбаевдин Кипрде мүлкү бар экендиги тууралуу оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүн чыгарышканы үчүн доо арыз берген.

Башкы прокуратура маалымат каражаттарын окуяны «калыс эмес» чагылдырганы жана «текшерилбеген маалыматтарды» жарыялаганы үчүн айыптап, ошондой эле компенсация талап кылган.

Башкы прокуратуранын дагы эки доо арызы «Заноза» басылмасына жана анын тең түзүүчүсү Нарынбек Идиновго (Нарын Айыпка) каршы берилген. Көзөмөл органы басылмадан жана редакциянын тең түзүүчүсүнөн 6 миллион сомдон компенсация өндүрүп берүүнү талап кылган.

Доо арыздарга журналисттин бул орган президенттин ар-намысына шек келтирет деп эсептеген макалалары себеп болгон.

Ленин райондук соту бул маалымат каражаттарынын банк эсептерин ушул доо арыздардын негизинде камакка алган. Идиновдун мүлкү менен эсептери да камакка алынган.


ТЕМА БОЮНЧА: