Комиссия Венгрияга студенттерди тандоодон бузум тапкан жок

Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук кеңеши Венгрияга гранттык окууга студенттерди тандоодон бузум тапкан жок. Мурда парламент депутаты Жанар Акаев гранттык орундарды аткаминерлердин балдары алып жатканын билдирген.

Комиссия эч кандай бузум болгон эмес, анткени венгер тарап жазып жиберген тандоо чен-өлчөмдөрүнүн баары сакталган деп эсептейт.

Кеңештин мүчөлөрү конкурстун шартында программага катышууга аткаминерлердин жана мамлекеттик кызматкерлердин балдарына эч кандай чектөө болбогонун билдиришти.

Текшерүү Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин Венгриядагы гранттык окууга депутаттар менен мамлекеттик кызматкерлердин балдары өтүп кеткени тууралуу билдирүүсүнөн кийин жүргүзүлгөн.

Анын айтымында, бул программага 100дөн ашуун киши өтүнмө берип, бирок түшүнүксүз себептерден улам алардын документтери тандоо комиссиясына жөнөтүлбөй калган.

«Табышмактуу жол менен алардын ордуна аткаминерлердин балдары кирген башка тизме жөнөтүлгөн», — деген эле Акаев.

Билим берүү министрлиги анда конкурстардын баары ачык өткөрүлөөрүн жарыялаган. Мекемеделилер тизмеде чын эле депутаттын баласы бар экенин, бирок ал бардык талаптарга жооп берээрин айтышкан.

2016-жылы Венгрия менен Кыргызстан кол койгон келишимге ылайык бул өлкөдө жыл сайын 25 кыргыз студенти окуйт.


ТЕМА БОЮНЧА: