Карыпбеков КТРКнын башчылыгына кайра талапкерлигин койбойт

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков телерадиокорпорациянын башчылыгы кызматына кайра талапкерлигин койбосун билдирди.

Карыпбеков бул тууралуу КТРК жөнүндөгү мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча 6-июнда өткөн талкуу учурунда билдирди.

«Мен кетип жаткан башкы директор катары бул кызматка кайра талапкерлигимди койбойм жана добуш берүү ачык өтүшү керек деп эсептейм», — деди ал.

Март айынын башында Карыпбеков Бишкектин түштүгүндө жол кырсыгына кабылып, ооруканага жатып чыккан.

Карыпбеков КТРКны 2015-жылдын мартынан бери жетектеп келүүдө. Ага чейин ал «Манас» эл аралык аэропортун башкарган жана «Мегаком» компаниясында юрист болуп иштеген.

Кыргызстандын башкы телеканалы бийликтин көз карашын чагылдырган берүүлөрүнө байланыштуу бир нече жолу сынга алынган.

Апрель айынын башында КТРКнын байкоочу кеңеши Жогорку Кеңеште телеканалдын ишмердүүлүгү боюнча отчет берген. Айрым эл өкүлдөрү телеканалдын оппозицияга эфир бөлүп бербей жатканын айтып сындаган.

Бирок КТРКнын башчысы Карыпбеков мындай сындарды негизсиз деп атаган. Анын билдиришинче, парламенттегилер телеканалды сынга көп алганы менен ага бир дагы документтештирилген доо келип түшкөн эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: